Оденсе
Оденсе – Даниядагы ири порт шаар. Оденсе дарыясынын боюнда (төмөнкү агымында), Фюн аралында жайгашып, анын экономикалык жана маданий борбору. Калкы 161,0 миң (2010). Кеме куруу, электр-техникалык, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, сүрөт музейи бар. Ыйык Кнуда собору (1300, 15-кылымда курулуп бүткөн), Кудай эне (12-к.), Ионна чиркөөлөрү (15-к.), 16–17-кылымдын курулуштары сакталган. Оденсе – жазуучу жана жомокчу Х. К. Андерсендин (үй-музейи уюштурулган) мекени. Оденсеге жакын жерде ачык асман астында «Фюн айылы» музейи жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч