Пальмира атоллу
Пальмира атоллу — Океанияда жайгашкан. АКШнын ээлиги. Аянты 11,9 км2. Гавайи аралынын түштүгүндөгү Лайн аралынын тобунда. Климаты экватордук, ысык. Жылдык жаан-чачыны 4445 мм. Орточо температурасы 30°С.
Атоллду алгач 1798-ж. америкалыктар тапкан, бирок алар 1802-ж. 7-ноябрда келишкен. Атолл 1862-ж. Гавайи королдугу, 1889-ж. Улуу Британия тарабынан аннекцияланган. 1898-ж. АКШга, 2-дүйнөлүк согуштан кийин жеке менчикке өткөн. 1959-жылдан кайрадан АКШга карайт. Учурда аралда 20га жакын киши бар. Атоллдогу эң ири аралчага самолёт конот. Катуу толкунда ушул атоллду баш-паанек кылган америкалык «Пальмира» кемесинин атынан аталган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч