Паром
Паром – автомобилди, темир жол вагонун ж. б. транспорт каражаттарын, адам жана жүктөрдү суунун бир жээгинен экинчи жээгине өткөрүүгө ылайыкталган калкып сүзүүчү каражат (кеме, сал ж. б.). Ал дарыя, деңиз, кел Парому болуп айырмаланат. Паромдун өзү жүрүүчү жана өзүнчө жүрбөгөн (кемеге сүйрөтүлүүчү же калак менен айдалуучу) түрлөрү бар. Ал көбүнчө дарыяларда колдонулат. Темир жол вагондору жана автомобилдер атайы курулган өзү жүрүүчү дарыя жана деңиз Паромунун жардамы менен ташылып өткөрүлөт. Аскер иштеринде жүк көтөрүмдүүлүгү 5–70 т жана андан чоң калкыма каражаттар колдонулат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч