Православие
Православие – христиан дининин бир багыты. Негизинен Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана Балканга таркаган. Православие Европанын батышы менен чыгышында феодализмдин өнүгүүсүнө байланыштуу христианчылыктан биротоло бөлүнүп чыккан. Православиенин өзгөчөлүктөрү: ыйык рухтун Кудай Атадан гана жаралышын, чиркөөнүн ыйыктыгын ырастоо ж. б.; иконага сыйынуу, ак дин кызматкерлеринин сөзсүз никелүү болушу ж. б. православиеден католицизмден айырмаланып, бирдиктүү борборго ээ эмес, өз алдынча 14 чиркөөдөн куралат. Православиеге консерватизм мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч