Пружина
Пружина - машинанын же механизмдин күч аракет кылганда серпилгич деформациянын эсебинен энергияны убактылуу өзүнө топтоочу тетиги.
Күч аракетин токтоткондо Пружина топтолгон энергияны механизмге берет да, кайра өзүнүн алгачкы абалына келет. Пружина согуу учурунда энергияны жутуу, согуунун аракетин азайтууда, машиналардын дирилдешин болтурбоодо, механизмдерди кыймылга келтирүүдө ж. б. колдонулат.
Пружина бурамалуу (цилиндр, конус, призма, фасондуу), жалпак, пластинка, тарелка, шакекче түрүндө болот. Күчтүн түрү боюнча чоюлма, кысма, толгонмо жана ийилме болуп айырмаланат.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч