Рейн университети Ф. Вильгельм атындагы
Рейн университети Ф. Вильгельм атындагы – Германиянын Бонн шаарында жайгашкан ири окуу жайлардын бири. 1818-жылы Ф. Вильгельм тарабынан негизделген. Окуу планы эл аралык жогорку деңгээлдеги программада түзүлгөн. Окутуу немец, англис жана француз тилдеринде жүргүзүлөт. 130дан ашык мамлекеттен келген студенттердин саны 6 миңге жетет (2014). Тарых, философия, медицина, химия, математика, техника, экономика, социология ж. б. бир нече тармактык факультеттери бар жана ар бир багыт боюнча институт жана борборлор ачылган. A. В. Шлегель, Э. М. Арндт, К. Аденауэр, М. Эрнст, И. П. Геббельс, Г. Гейне, К. Маркс ж. б. дүйнөлүк белгилүү инсандар ушул Рейн университетинен билим алышкан.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч