Сфинкс
Сфинкс (грекче Sphinx) – 1) Байыркы Египетте – башы адам (адатта фараондун), тулкусу арстан кейпиндеги фантастикалык жаныбардын (падыша бийлигин элестеткен периште-сактоочу) статуясы. Мисалы, Гиза шаарындагы Хефрен пирамидасына жакын Чоң С. 2) Байыркы грек мифологиясында арстан тулкулуу канаттуу аял. Фивы ш-нын кире беришинде туруп: “Эртең менен төрт, түштө эки, кечинде үч буттап ким басат” – деген табышмакка жандырмак таппагандарды өлтүргөн. Эдип бул адам (бала кезинде, чоңойгондо, карыганда) экенин айтканда, аскадан боюн таштаган. Каймана маанисинде С. табышмак, табышмактуу адам дегенди билдирет.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч