Улут

Улут – 1) адамдын тилинин, маданиятынын, психологиясынын, каада–салттарынын, жашоо ыңгайынын өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган кишилердин белгилүү бир этностук жалпылыгына таандыктыгы. 2) бир катар роман мамлекеттеринде (исп. nacionalidad ) жарандыкты же букаралыкты (Испания), же адамдын өзүнүн мазмуну боюнча жарандык мамилеге толук дал келбесе да (алып айтсак, Мексикада мексика У-на ээ, жашы жеткен жана «татыктуу жашоо ыңгайын алып жүргөн» гана адам жаран катары таанылат), белгилүү бир улуттук мамлекетке таандыктыгын билдирүү үчүн колдонулуучу аталгы.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7