Уюл
Уюл, географиялык уюл - Жердин айлануу огу менен жер бетинин кесилишкен жери.
Түндүк уюл жана Түштүк уюл болуп бөлүнөт. Уюлдарда географиялык меридиандар кошулат. Уюлдардан дүйнөнүн тараптарын аныктоого мүмкүн эмес, убакытты күн, түн деп ажыратууга болбойт, анткени уюлдарда Күн жарым жылга жакын горизонттон жогору, жарым жылга жакын андан төмөн турат. Уюл жер бетинде жактары 26 м болгон квадраттын ичинен чыкпастан татаал ийри сызык боюнча өзгөрүп турат. Уюлду кыргыздар кут, кутпа деп да аташат.
Колдонулган адабияттар
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч