Херд аралы жана Макдональд аралдары
Херд аралы жана Макдональд аралдары ( англ. Heard Island and McDonald Islands, HIMI) — Инди океанынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан чакан ээн (турукту эл турбаган) архипелаг[1]. Эки чоң жана көптөгөн майда аралдардан турат. Австралиянын көз каранды аймагы болуп эсептелет.
География
Херд аралы жана Макдональд аралдары архипелагы дүйнөдөгү эң алыскы кургактыктардын бири болуп саналат:
- Перт, Батыш Австралиядан түштүк-батышты карай 4099 км алыстыкта жайгашкан[2].
- Австралиянын эң түштүк-батыш чекити болгон Кейп Лувинден 3845 км алыстыкта жайгашкан[2].
- Түштүк Африкадан 4200 км алыстыкта жайгашкан[2].
- Мадагаскардан 3830 км алыстыкта жайгашкан[2].
- Антарктиданын түндүгүнөн 1630 км алыстыкта жайгашкан[2].
- Кергелен аралынан 450 км алыстыкта жайгашкан[2].
Аралдар
Херд аралы
Херд аралы (53°06′ ю. ш. 73°31′ в. д.HGЯO) — Кергелен платосунун суу астындагы жайгашкан жанар тоосунун чокусу болуп саналат. Аралдын узундугу 43 км, туурасы 21 км. Аралдын (жана архипелагдын) эң бийик чокусу 2745 м бийиктиктеги Моусон чокусу. Ал ошондой эле Австралиянын эң бийик чекити да болуп эсептелет. Херд аралынын 80% кар жана муз менен капталган. Аралдын жалпы аянты 368 км².
Макдоналд аралы
Макдональд аралы (53°03′ ю. ш. 72°37′ в. д.HGЯO) — Херд аралынын батыш тарабында, 44 км алыстыкта жайгашкан. Бул арал да жанар тоодон пайда болгон арал. Эң бийик чокусу 230 м, жалпы аянты 2,5 км².
Башка аралдар
- Шаг-Айленд аралы.
- Морган аралы.
- Саил жана Блэк зоолору.
Бул кичинекей аралдардын тобу Херд аралынын түндүгүндө, 10 км алыстыкта жайгашышкан. Майда аралдарынын жалпы аянты 1,1 км². Архипелагдын аянты 372 км².
Климат
Бул аралдардын аймактарынын климаты субантарктикалык: кышы жылуу (+0,1°С) жана жайы суук (+4,2°С) деп мүнөздөлөт. Жыл бою согуп турган шамалдын ылдамдыгы 26-33,5 км/саат. Шамалдын ылдамдыгы 180 км/саатка чейин жетиши мүмкүн. Херд аралында жылдык жаан-чачын 1300-1900 мм чейин жетет. Төрт күндүн үчөөсүндө аралдарда жамгыр (кар аралаш же кар) жаап турат[3].
Айлар | Янв | Фев | Март | Апр | Май | Июн | Июл | Авг | Сен | Окт | Ноя | Дек | Жыл |
Рекорддук жогорку °C (°F) | 20.1 (68.2) | 18.0 (64.4) | 19.9 (67.8) | 20.4 (68.7) | 19.3 (66.7) | 14.0 (57.2) | 15.0 (59.0) | 15.4 (59.7) | 16.8 (62.2) | 16.4 (61.5) | 14.6 (58.3) | 19.2 (66.6) | 20.4 (68.7) |
Максималдуу орточо күнүмдүк °C (°F) | 6.4 (43.5) | 6.5 (43.7) | 6.3 (43.3) | 5.3 (41.5) | 3.7 (38.7) | 2.3 (36.1) | 2.2 (36.0) | 2.2 (36.0) | 2.2 (36.0) | 3.3 (37.9) | 4.1 (39.4) | 5.4 (41.7) | 4.2 (39.5) |
Орточко күнүмдүк °C (°F) | 4.7 (40.5) | 4.8 (40.6) | 4.6 (40.3) | 3.6 (38.5) | 2.2 (36.0) | 0.9 (33.6) | 0.5 (32.9) | 0.4 (32.7) | 0.5 (32.9) | 1.5 (34.7) | 2.4 (36.3) | 3.8 (38.8) | 2.5 (36.5) |
Минималдуу орточо күнүмдүк °C (°F) | 3.0 (37.4) | 3.1 (37.6) | 2.8 (37.0) | 1.9 (35.4) | 0.7 (33.3) | −0.6 (30.9) | −1.1 (30.0) | −1.4 (29.5) | −1.1 (30.0) | −0.2 (31.6) | 0.7 (33.3) | 2.1 (35.8) | 0.8 (33.5) |
Рекорддук төмөнкү °C (°F) | −0.5 (31.1) | 0.2 (32.4) | −1.7 (28.9) | −2.9 (26.8) | −4.8 (23.4) | −7.2 (19.0) | −6.2 (20.8) | −11.5 (11.3) | −8.6 (16.5) | −7.1 (19.2) | −6.2 (20.8) | −0.7 (30.7) | −11.5 (11.3) |