Ысык-Көл облусу

Кыргызстандагы дубан

Ысык-Көл облусуКыргыз Республикасынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан облус. Борбору — Каракол шаары. Курамында 5 район (Ак Суу, Жети Өгүз, Тоң, Түп, Ысык Көл), 3 шаар (Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата) , 5 шаарча (Ак-Булак, Жыргалаң, Кажы-Сай, Прежевальск пристаны, Орто-Токой) , 57 айыл округу жана 171 айыл бар(2012). Түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Казакстан, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Кытай, батышынан жана түштүк-батышынан Нарын, түндүк-батышынан Чүй облустары менен чектешет.

Ысык-Көл облусу
Өлкө

 Кыргызстан

Административдик борбор

Каракол

Б.ири шаары

Балыкчы, Чолпон-Ата

Башчысы

Аскат Акибаев

Расмий тили

Кыргыз тили

Калкы

489 800

Жыштыгы

10,31 адам/км²

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

KG-Y

Расмий сайты

Ысык-Көл облусуна эс алуучулар абдан көп келет, 2023-жылы эле 3-6млн га чейин келген. Ысык-Көл облусундагы ысык-көл аттуу көлунө, Аска зоосуна, бийик-бийик тоолоруна суктануу, сейилдөө, Жана эс алуу үчүн келишет. Жана ошондой эле Ысык-Көл облусу кыргызстандын жүрөгү болуп саналат.

Аянты 43,1 миң км² (республиканын айантынын 21,6%). Калкы 496,4 миң (2020 ж.; республиканын калкынын 7,6%).ысык-кол облусундагы ысык-кол районуна караштуу Григорьевка айылындагы Давлетбаева Джумакан көчөсү, үй номери 112.(2024)

Тарыхы

Б. з. ч. II миң – б. э. VIII кылымдардын аралыгында деп болжолдонгон Чолпон-Ата капчыгайындагы жана башка жерлердеги аскалардагы жазуу-петроглифтер эсепке алуу дээрлик мүмкүн болбогон байыркы эстеликтердин чакан тобун түзөт.

Түп районундагы Күрмөнтү айылынын жанындагы падыша коргону – алгачкы көчмөндөр доорунун таасын эстелиги. Ушул өңдүү эстеликтер Ысык-Көл сыяктуу эле Кыргызстандын башка туристтик аймактарында дагы бар. Бул б. э. ч. VII кылымдан б. э. II кылымына чейин Орто Азияда жашаган, Кир менен Дариянын перс жоокерлерин, андан соң Александр Македонскийди токтоткон айбаттуу күч болуп эсептелген малчы сактардын күмбөздөрү.

Ошол эле доордо бул аймактарда отурукташуу-дыйканчылык маданияты жаралган. Айрым жазуу булактарында Чигу шаарынын (Кызыл-өрөөн шаары) эскерилиши анын күбөсү болуп эсептелет, айрым изилдөөчүлөр белгилегендей, Түп булуңунун Сары Булуңундагы суу алдындагы урандылар мына ошол шаардын калдыктары. Кийинки заманда отурукташуу дыйканчылык маданияты кыйла туруктуу мүнөзгө ээ болгон, ал туурасында археологиялык жана жазма булактар күбөлөп турат. Бул тууралуу күбөлөгөн акыркы тарихий-маданий эстелик катары Тору Айгырдагы ХIV кылымдагы мончонун урандыларын эсептесек болот. Аскалардагы тибет жазуулар түрүндө сакталган Будда эстеликтери эл арасына кеңири белгилүү. Тамга капчыгайында бири-биринен бир чакырымча аралыкта жайгашкан төрт таштагы жазуулар алардын ичинен эң маанилүүсү болуп саналат.

1939 ж. Жетинин айынын 21 түзүлгөн.

1959 ж. Үчтүн айынын 27 жойулуп, кайра 1970 ж. Бештин айынын 11 уйушулган.

1988 ж. Тогуздун айынын 5 Нарын облусу менен биригип, 1990 ж. Бештин айынын 14 алар кайра бөлүнгөн.

Табияты

Ысык-Көл күн батканда
Ала-Көл

Облустун аймагы негизинен 2 бөлүктөн турат: Ысык Көл ойдуңунан жана Ысык Көл сыртынан (түндүгүнөн Тескей Ала тоо, түштүгүнөн Какшаал тоо менен чектелген күдүрлүү кенен аймак). Рельеби жалпысынан татаал. Ысык Көл өрөөнү түндүктөн Күнгөй, түштүктөн Тескей Ала тоолору менен курчалган. Алар өрөөндүн чыгышы менен батышында бири бирине жакындашып, тоо аралык туйук мейкиндикти пайда кылат. Ысык Көл батышындагы Боом капчыгайы аркылуу Чүй өрөөнү менен туташат. Чоңдугу жагынан Ысык Көл өрөөнү Орто Азиада Баргана өрөөнүнөн кийинки 2-чи орунда.

Анын борбордук бөлүгүн Ысык көл ээлейт. Көл түздүктөр менен курчалган. Ичке жээк тилкелерин кум каптап жатат, майда жумуру таштар, камдашкан кумдук, саздак жерлер да кездешет.

Тескей Ала тоонун түштүгүндө деңиз деңгээлинен кыйла көтөрүңкү, климаты катаал плато сымал түздүктөр — сырт жайгашкан. Облустун аймагындагы кырка тоолор негизинен кеңдик багытта созулат. Эң чыгыш бөлүгүндө алар бири-бирине жакындашып, Кан Теңир (Муз тоо) тоо тоомун пайда кылат. Мында жалпы Теңир тоонун эң бийик жери — Жеңиш чокусу (7439 м) жайгашкан.

Кен байлыктарынан алтын (Ак Шыйрак тоосундагы Кумтөр кени), көмүр (Жыргалаң, Cөгөттү), калай (Сарыжаз суусунун өрөөнүндө), полиметалл (Жыргалаң полиметалл кендер тобу), больпрам, жез, бисмут кендери, семент дайардоого жарактуу акиташ теги (Күрмөнтү), айнек куму ж. б. курулуш материалдарынын кендери бар.

Дарылык касиети бар көптөгөн минералдуу ысык булактардын базасында Жети Өгүз, Жыргалаң, Ак Суу, Чолпон Ата «Көгүлтүр Ысык көл», Тамга, «Кыргыз деңизи» ж. б. бальнеологиалык курорттор, санаторийлер иштейт. Облуста дары баткактардын ири кендери Кызыл Суу, Тамга, Жыргалаң, Күрмөнтү, Карой, Чолпон Ата, Чоктал, Улаколдо табылган.

Климаты бийиктик алкактуулукка байланыштуу. Курчап турган кырка тоолор муздак абанын өрөөнгө киришине тоскоолдук кылат. Ошондой эле көлдүн жыл бойу тоңбогон суусу өрөөндүн климатын жумшартып, Теңир тоодогу башка тооаралык өрөөндөрдүкүнөн өзгөчөлөнүп турат. Көлдүн жээк зонасында жайы салкын, Текенин орточо температурасы 18°C'ге жакын. Кышы жумшак, түштүк жана түндүк жээктеринде Үчтүн айынын орточо температурасы –2°C, батыш бөлүгүндө –4°C, чыгышында –10°C'ге чейин. Жылдык орточо температурасы 6-7°C'дай, максимуму (мүмкүн болгон максималдуу температу) 27–30°C, минимуму – 12...–18°C. Өрөөндүн батышынан улан, чыгышынан санташ шамалдары согот. Эң катуу шамал — уландын ылдамдыгы 25–30 м/сек'га жетет. Улан менен санташ бир убакта согуп, бири бирине беттешсе, көл үстүндө катуу толкунду пайда кылат. Көл жээктеринде бриз шамалдары басымдуу. Батыштан келген аба агымынын басымдуу болушу өрөөндүн батышы менен чыгышына жааган жаан-чачындын чоң айырмачылыгын пайда кылат. Өрөөндүн батышында жайгашкан Балыкчы шаарынын айланасында жылына 110 мм (Кыргызжердеги эң кургакчыл жер), чыгышында Түп аймагында 569 мм жаан-чачын жаайт. Чыгыш бөлүгүндө кар көп түшөт. Өрөөндүн батыш бөлүгүнүн жазы салкын, жайы ысык, күзү узак, кышы суук, кар жаабайт. Жаан-чачын бардык жеринде жайында көп, кышында аз жаайт. Ысык Көлдүн сырты кескин континенттик кургак, катаал климаты менен айырмаланат. Жылдык орточо температурасы 3°C'дан –7°C'ка чейин. Кышы узак, Үчтүн айынын орточо температурасы –21°C (–40°C'ге чейин айаз болот). Жайы кыска, салкын (абанын орточо температурасы 7°C). Көп жылдык тоң менен катар айрым жерлерде топурактын мезгилдүү тоңушу да байкалат. Cырттарда жылдык жаан-чачын 200–300 мм, негизинен кар түрүндө (жай мезгилинде да) жаайт. Айазсыз күндөр чанда болот.

Күнгөй Ала тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы айанты 221 км² , Тескей Ала тоодогу мөңгүлөрдүн айанты 1081 ккм²ди түзөт. Күнгөй Ала тоодогу мөңгүлөрдүн көбү Чоң Ак суунун өрөөнүндө топтолгон. Тескей Ала тоонун көп сууларынын (Аксай, Тоң, Тосор, Барскон, Жууку, Чоң Кызыл суу, Жети Өгүз, Каракол, Ак суу, Түргөн Ак суу) башталышында мөңгүлөр бар. Муз каптоонун эң ири очогу жана ири мөңгүлөр Кан тоо жана Жеңиш чокуларынын аймагында. Мында мөңгүлөрдүн жалпы айанты 1517 км²ден ашат. Ири мөңгүлөрү: Түштүк Эңилчек (айанты 613,3 км² ), Кайыңды (107,5 км² ) ж. б.

Cуулары кар-мөңгүдөн куралып, Ысык көл, Сырдарыя, Тарим, бир аз бөлүгү Чүй (батышта) жана Иле (чыгышта) сайлардын алаптарына кирет. Көлгө 118 агын суу жана мезгили менен аккан өзөндөр куйуп, андан бир да суу агып чыкпайт. Батыш бөлүгүнүн суулары чакан, чыгышындагы суулардын чыгымы 6-8 м³/сек'дан 10-20 м³/сек'га чейин көбөйөт (Түп, Жыргалаң). Ири суулары: Жыргалаң (уз. 250 км), Түп (120 км), Каракол, Түргөн Ак суу, Чоң Ак суу, Жети Өгүз, Жууку, Чоң Кызыл суу, Барскон ж. б. сугатка пайдаланылат. Өрөөндүн түндүк-батыш бөлүгүнөн Чүй сайы, чыгышынан Каркыра сайы (Иле сайынын алабы) агып өтөт. Ысык Көлдүн сыртынан Нарын жана Сары Жаз суулары башталат. Облустун аймагында дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринин бири – Ысык көл жайгашкан.

Өрөөндүн түздүгүндө батыштан чыгышка карай таштуу бозомук күрөң, агыш күрөң, күңүрт кара коңур, кара топурактар таралган. Cырттарда бийик тоолуу, чөлдүү талаа жана талаа, чала чым көңдүү, такырлуу, тундра жана начар өөрчүгөн таштуу топурактар басымдуу.

Өсүмдүктөрдүн таралышы бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине байланыштуу. Алкактар сериасы облустун батышында жээк түздүктөрдөгү чөлдүү алкактан башталып, жогору жагында жарым чөл жана шалбаалуу талаага өтөт, чыгышында төмөнтөн жогору карай токой-шалбаалуу талаа алкагы жайгашкан. Андан жогору бардык жерде субальп, альп жана гласиалдык-нибалдык алкактар жатат. Батышындагы чөлдүү алкакта (1700–2200 м) учтуу күүдүрөк, теңиртоо шыбагы, чекенде, көп жалбырактуу төө куйрук пормасиасы басымдуу. Жарым чөл алкагы 2500 м бийиктикке чейин жетет. Мында негизинен кауказ аккылканы жана теңиртоо шыбагы өсөт. Бадалдардан төө куйрук басымдуу. Түздүктүн чыгыш бөлүгүн талаа алкагы ээлейт. Мында дан өсүмдүкбетегелүү талаа, чыгышында түркүн чөп — дан өсүмдүктүү талаа менен алмашат. Шалбаалуу талаа алкагы өрөөндүн батышында тоонун бийик этектери менен орто бийиктиктеги тоолордун көлөкөлүү капталдарында, чыгышында түздүктөрдө жайгашкан. Бул алкакта чымдуу талаанын дан өсүмдүктөрү — бетеге, кыргыз аккылканы же чөл сулуусу, түркүн чөптөр жана мезопилл тибиндеги дан өсүмдүктөрү менен аралаш өсөт. Андан жогорку токой-шалбаа-талаа алкагы жайгашкан. Токой өсүмдүктөрү карагай менен бадалдардан турат. Алардын арасында түркүн чөптүү дан өсүмдүктөрү өсөт. Тескей Ала тоонун токойлору парк тибине кирет: карагайлар жалгыздап же топ-топ болуп өсөт. Cубальп алкагынын төмөнкү чеги өрөөндүн батышы менен чыгышында болжол менен бирдей бийиктикте (3000–3200 м) жатат. Мында бийик тоолуу түркүн чөп-бетеге-шалбаалуу талаа, ыраң-доңуз сырты жана дан өсүмдүктүү, түркүн чөптүү шалбаа өнүккөн. Альп алкагында (3400 м'ден жогору) кыска чөптүү альп шалбаасы басымдуу, бадал өсүмдүктөрү өспөйт. Нибалдык алкакта аскалуу кырлар, корум, морена, кар-мөңгү жатат. Ысык көлдүн жээгин бойлой суулардын жайылмаларында камыш, агростис, ыраң жана жапайы арпалуу шалбаа, каксоо жерлерде чычырканак, бөрү карагат, итмурун, чий өсөт. Облустун Cыртында шыбак-бетегелүү тоолуу талаа, ыраң-доңуз сырттуу шалбаа басымдуу; мамык чөп, эңилчек кездешет. Cуунун жайылмаларында табылгы, чычырканак, кайың өсөт. Өсүмдүктөрү туташ тилкени түзбөйт.

Административдик-аймактык түзүлүшү

КартаАталышТуу, гербТуруктуу калк
2021, адам[1]
Баш ийген айыл аймактар (а. а.), шаарлар

жана шаар тибиндеги посёлоктор[2]

Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Ак-Суу районужок69 439Ак-Булуң айыл аймагыАк-Булуң а., Ак-Булак а., Токтогул а., Түргөн а.
Ак-Чий айыл аймагыАк-Чий а., Качыбек а., Көк-Жайык а., Кызыл-Жар а., Советское а.
Бөрү-Баш айыл аймагыБөрү-Баш а., Черик а.
Жыргалан айыл аймагыЖыргалан а.
Кара-Жал айыл аймагыТегизчил а., Жаңы-Арык а., Кара-Жал а., Боз-Булуң а.
Каракол айыл аймагыКаракол а., Чолпон а.
Кереге-Таш айыл аймагыКереге-Таш а., Сары-Камыш а., Кайырма-Арык а., Новоконстантиновка а., Пионер а.
Боз-Учук айыл аймагыБоз-Учук а., Ичке-Жергез а., Нововознесеновка а.
Октябрь айыл аймагыОктябрь а., Жол-Колот а., Отуз-Уул а., Үч-Кайнар а.
Отрадное айыл аймагыОтрадное а., Орлиное а., Шапак а.
Тепкен айыл аймагыТепке а., Жылдыз а., Курбу а.
Теплоключевка айыл аймагыТеплоключенка а., Лесное а.
Челпек айыл аймагыЧелпек а., Бурма-Суу а., Таш-Кыя а.
Эңилчек айыл аймагыЭңилчек а., Кең-Суу а., Койлуу а., Кургак а., Май-Саз а., Таш-Короо а., Эчкили-Таш а.
Жети-Өгүз району
93 392Ак-Дөбө айыл аймагыАк-Дөбө а., Мундуз а., Аң-Өстөн а., Тилекмат а.
Ак-Шыйрак айыл аймагыАк-Шыйрак а., Культцентр а., Ыштык а.
Алдаш айыл аймагыСаруу а., Жууку а. Ысык-Көл а.
Барскоон айыл аймагыБарскоон а., Каракол а. Кара-Сай а., Сөөк а.
Даркан айыл аймагыДаркан а.
Жаргылчак айыл аймагыАк-Терек а., Жеңиш а., Кичи-Жаргылчак а., Чоң-Жаргылчак а.,
Жети-Өгүз айыл аймагыЖети-Өгүз а., Ак-Кочкор а., Желе-Дөбө а., Жети-Өгүз (Курорт) а., Кабак а., Талды-Булак а.,Чырак а.
Кызыл-Суу айыл аймагыКызыл-Суу а., Жалгыз-Өрүк а., Кайнар а., Покровская Пристань а.
Липен айыл аймагыЛипенка а., Богатыровка а., Зелёный Гай а., Ичке-Булуң а.
Оргочор айыл аймагыОргочор а., Боз-Бешик а., Кургак-Айрык а., Подгорное а.
Светлополян айыл аймагыСветлая Поляна а., Чоң-Кызыл-Суу а.
Тамга айыл аймагыТамга а., Тосор а.
Ырдык айыл аймагыЫрдык а., Алкым а., Жон-Булак а., Комсомольское а., Конкино а.,
Ысык-Көл району
84 876Чолпон-Ата шаарыжок
Абдрахманов айыл аймагыЖаркынбаев а., Кароол-Дөбө а.
Ананьев айыл аймагыАнаньев а., Көк-Дөбө а., Чет-Байсоорун а.
Бостери айыл аймагыБостери а., Бактуу-Долоноту а.
Кара-Ой айыл аймагыКара-Ой а.
Кум-Бел айыл аймагыКорумду а., Булан-Сөгөттү а.
Өрүк айыл аймагыЧоң-Өрүктү а., Орто-Өрүктү а., Өрүктү-Хутор а.
Садыр Аке айыл аймагыГригорьевка а., Григорьев Пристаны а.
Семёновск айыл аймагыСемёнов а., Кожояр а.
Тамчы айыл аймагыТамчы а., Кош-Көл а., Чырпыкты а.
Темир айыл аймагыТемир а., Кашат а.
Тору-Айгыр айыл аймагыТору-Айгыр а., Кызыл-Өрүк а., Сары-Камыш а.
Чоң-Сары-Ой айыл аймагыЧоң-Сары-Ой а., Баетов а., Өрнөк а., Сары-Ой а., Чок-Тал а.
Тоң району
53 401Ак-Терек айыл аймагыКара-Коо а., Ала-Баш а., Бар-Булак а., Дөң-Талаа а., Комсомол а., Кызыл-Туу а.
Болот Мамбетов айыл аймагыЭшперов а., Ак-Сай а., Жер-Үй а., Көк-Сай а.
Кажы-Сай айыл аймагыКажы-Сай а.
Көл-Төр айыл аймагыКөл-Төр а., Тогуз-Булак а., Коңур-Өлөң а.
Көк-Мойнок айыл аймагыАк-Өлөн а., Көк-Мойнок-Биринчи а., Көк-Мойнок-Экинчи а.
Күн-Чыгыш айыл аймагыБөкөнбаев а., Арчалы а.
Төрт-Күл айыл аймагыТөрт-Күл а., Темир-Канат а., Туура-Суу а.
Тоң айыл аймагыТоң а., Ак-Сай а., Кажы-Саз а.
Улакол айыл аймагыОттук а., Кара-Талаа а., Кара-Шаар а., Туура-Суу а., Шор-Булак а.
Түп району
65 169Ак-Булак айыл аймагыАк-Булак а.
Ак-Булуң айыл аймагыАк-Булуң а., Беловодское а., Фрунзенское а.
Арал айыл аймагыАрал а., Миң-Булак а., Долон а., Кош-Дөбө а., Сары-Дөбө а.
Ысык-Көл айыл аймагыЫсык-Көл а., Ынтымак а.
Карасаев айыл аймагыТасма а., Токтоян а., Чоң-Тогуз-Бай а.
Кутургу айыл аймагыКутургу а., Кичи-Өрүктү а., Ой-Булак а., Ой-Тал а.
Михайловка айыл аймагыМихайловка а.
Сан-Таш айыл аймагыСан-Таш а., Байзак а., Каркыра а., Кең-Суу а., Сары-Төлөгөй а.
Сары-Булак айыл аймагыБалбай а., Күрмөнтү а.
Талды-Суу айыл аймагыТалды-Суу а., Ичке-Суу а., Көөчү а., Корумду а.
Тогуз-Булак айыл аймагыТогуз-Булак а., Сары-Булуң а.
Түп айыл аймагыТүп а., Бирлик а., Шаты а.
Чоң-Таш айыл аймагыЧоң-Таш а., Жылуу-Булак а.
Балыкчы шаары
50 814

(51 305 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Орто-Токой шаар тибиндеги посёлокжок
Каракол шаары
81 522

(84 351 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Пржевальск-Пристаны шаар тибиндеги посёлокжок

Калкы

Облустун калкы (2023 жылдын башында 538,4 миң) республиканын калкынын 7,7%ын түзөт; анын 151,522 миңи шаарларда (жалпы калктын 28,0%), 391,092 миңи (72,0%) айылдарда турушат.

Улуттук курамы

Көп улуттуу, көбү кыргыздар (91,4%), калгандары орус (5,2%), казак (1,1%), өзбек (0,6%), дуңган (0,6%), уйгур (0,4%), татар 0,2%), калмак (0,2%) ж. б.

Этникалык топКалкЫсык-Көл облусунун калкынын үлүшү
Кыргыздар488,24191.4%
Орустар27,8695.2%
Казактар5,8881.1%
Өзбектер3,4790.6%
Дунгандар3,1160.6%
Уйгурлар2,1530.4%
Татарлар1,1160.2%
Калмактар (сарт-калмактар)1,0380.2%
башка топтор1,5720.3%

Бир км2 жерге 13 киши (республикада 36) туура келет, ал эми Ысык Көл өрөөнүндө, айрыкча анын чыгыш бөлүгүндө бул көрсөткүч 45-60 кишиге жетет.

Ири калктуу пункттары

АталышыКалкы (2023)
Шаарлары
Каракол81 952
Балыкчы52 692
Чолпон Ата12 648
Шаарчалары
Пристан-Пржебалск3 492
Орто Токой738
Калк көп жашаган ири айылдары
Кызыл Суу15 464
Ак Суу14 055
Бөкөнбай13 800
Түп12 505
Барскоон9 533
Ананиеб9 470
Бостери9 055
Cаруу8 501
Даркан7 398
Григориепка6 014

Жалпы калктын 32,6%ын (142,988 миң адам) эмгек курагына жете элек жаштар, 58,0%ын (254,327 миң) эмгек жашындагылар, калган 9,4%ын (41,075 миң) эмгек жашынан өткөндөр түзөт.

Калктын миграсиасы 2002 ж. облуска келгендердин саны 1147 адам, кеткендер 4913 адам болуп, облустун калкы 3766 адамга азайган. Азайгандардын ичинен 1746 адам республиканын башка региондоруна, айрыкча Бишкек шаарына же Чүй облусуна, 1993 адам КМШ өлкөлөрүнө, 50дөй адам алыскы чет өлкөлөргө кеткен.

Экономикасы

Ысык Көл облусу республикада экономика жактан орто деңгээлде өнүккөн, табигый шарты жана байлыктары менен өзгөчөлөнүп турган аймак. Региондун башкы байлыгы – тоңбогон Ысык көл, анын деңиз суусуна каныккан жагымдуу абасы, көл жээгиндеги куму, көптөгөн жылуу жана минералдуу суулары, ошондой эле дартка даба болуучу ылайлары, көл жээгинде курулган санаторийлер, келечектүү курорттук жана рекреасиалык ресурстары. Азыр облуста «Көгүлтүр Ысык Көл», «Чолпон Ата», «Ысык Көл», «Жыргалаң», «Жети Өгүз», «Тамга», «Ак Суу» ж. б. санаторий-курорттор (бардыгы 28) менен катар көптөгөн эс алуу үйлөрү (226), пансионаттар, балдардын эс алуу лагерлери, туристтик жана альпинисттик базалар иштеп (2002 ж. бардыгы 254), аларда жылына 612,0 миңден ашык киши эс алып, дарыланат.

Облуста рекреасиа чарбасы (эс алуу жана дарыланууну уйуштуруу), а. и. туризм келечекте экономиканын негизги, адистешкен тармагына айланып, көл кылаасы дүйнөлүк деңгээлдеги курорттук аймак болууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бул жерде жаратылыштын кооздугу жана байлыгы жетиштүү. Өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт ж. б. экономикалык тармактар келечекте облустун рекреасиалык комплексин тейлөөгө ылайыкташып өнүктүрүлмөкчү.

Чет өлкөлүк инбестисиаларды таап, өндүрүшкө жаңы текнологианы киргизип, региондун экономикалык жана сосиалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн облустун борборунда 1994 ж. «Каракол» эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) уйушулган. «Каракол» ЭЭАсында субйект катары 135 ишкана катталган, 95и иштөөдө (2000). Ушул ишканаларда 780 адам эмгектенет. Алардын ичинде 4 чет өлкө менен бирге уйушулган «Униберсал» (кыргыз-орус ишканасы), «Улар» (кыргыз-казак ишканасы), «Cаки» (кыргыз-америкалык ортоктош ишкана) ж. б. Алардын ичинен «Cаки» ортоктош ишканасы инбестисиасынын көлөмү жагынан маанилүү. «Каракол» ЭЭАна кирген ишканалар эл керектөөчү тобарларды чыгарууда жана аларды сатууда, айыл чарба чийки заттарын кайра иштетүүдө жана туристтик жүрүштөрдү уйуштурууда белгилүү бир деңгээлде аткарышканына карабастан бул ЭЭА облустун экономикасынын өсүшүнө кошкон салымы али төмөн. 2001 ж. ЭЭАда 40,1 млн сомдук өнөр жай продуксиасы өндүрүлүп, Каракол шаарынын өнөр жайынын 12%ын, Ысык Көл облусунун 0,4%ын гана түзгөн.

Базар экономикасына өтүү просессинде чарба жүргүзүүдө менчиктин көп түрлөрү пайда болду. 2002 ж. облуста статистикалык бирдиктин жалпы мамлекеттик регистрине киргизилген ээлик кылуучу субйекттердин (йуридикалык жактардын) саны 3237 (а. и. иштеп жатканы 1532) ишканага жеткен. Анын ичинен мамлекеттик менчиктеги 488 (343), коммуналык 275 (218), жеке менчик 2470 (971) ишкана болгон. Ишканалардын түрлөрү бойунча 3207ин ичинен чакан ишканалар — 2042 (1085), орточолору — 446 (302) жана ирилери — 205 (145) болгон. Жогорудагы йуридикалык жактардын ишканаларынан башка облуста жеке ишкердикте катталган жана иштеп жатышкан мекеме, ишканалардын саны арбын. 2000 ж. бир эле айыл чарба тармагында жеке ишкердиктегилердин, башкача айтканда дыйкандардын саны 5 миңден ашкан.

Өнөр жай өндүрүшү (Кумтөр алтын кенин казган ишкананы кошпогондо; 2001 ж. менен)
Өнөр жай продуксиасынын көлөмү, млн сомЖалпы көлөмдөгү аймактардын, шаарлардын үлүшү %
Ысык-Көл облусу1201,1100,0
анын ичинен:
Ак-Суу ооданы308,825,7
Жети-Өгүз ооданы260,921,7
Ысык-Көл ооданы34,542,9
Тоң ооданы22,11,8
Түп ооданы116,69,7
Балыкчы шаары209,617,5
Каракол шааары242,620,2
Чолпон-Ата шаары6,00,5

Облустагы 195 өнөр жай ишканасында (а. и. 56 ири ишкана) 9 миңден ашык жумушчу (республиканын 6,9%) иштеп, 1201,1 млн сомдук продуксиа өндүргөн (2002). Бул жерде Кумтөр алтын кен казган ишканалардын иши эсепке алынган жок. Ал эми Кумтөр алтын кенин казып алууну кошо эсептегенде облуста 10988,0 млн сомдук (республиканын 22,5%) продуксиа өндүргөн. Өнөр жайдын алтын казуудан башка негизги тармактарына тамак-аш (жалпы өнөр жайдын 23,2% продуксиасын өндүргөн), ун тартуу жана жем чыгаруу (49,0%), машина куруу (8,7%), курулуш материалдарын чыгаруу 5,8% жана отун өнөр жайы (2,5%) кирет. 2001 ж. алар чыгарган негизги продуксиалар: көмүр 29,3 миң т (республикада казып алынган көмүрдүн 6,2%), электр плиткалары 9,0 миң даана (71,7%), электр жылыткычтар 200 даана (17,4%), семент 2,4 миң (0,5%), ун 56,8 миң т (12,5%), мал майы 13,6 т (11,7%), быштак жана сүзмө 796,3 т (47,0%), арак жана спирт 1174,0 миң литр (6,5%) ж.б. Өнөр жайдын ири ишканалары: Балыкчыдагы «Ысык Көл дан азык» аксионердик коому, «Бакай Көл» биргелешкен ишкана, «Ак Жалга», «Алтын дан», «Ысык Көл электр», «Улан», «Каракол–Дан–Азык», «Күрмөнтү семент» аксионердик коомдору.

Облуста тоо-кен өнөр жайынын келечеги кең, Сары Жаз сайынын алабында алтын, калай, жез, коргошун, полиметалл, болпрам, тантал, ниобит, молибден ж. б. металлдардын кендери табылган. Сарыжаз калай кенинин базасында «Тйаншан калай» кен ылгоо комбинаты иштейт. Ал жылына 50 млн т кен казып, андан консентрат алып, аны Орусианын Нобосибирск шаарына жөнөтүп турат. Алтын кенин казып алуучу Кумтөр комбинаты 1996 жылдын айагынан ишке киришти. Кумтөр алтын кени облустун Жети Өгүз ооданынын сыртында деңиз деңгээлинен 3500-4150 м бийиктикте жайгашкан. Кенди «Камеко» корпорасиасынын (Канада) «Кумтөр Оперейтинг компани» биргелешкен ишканасы казат жана ылгайт.

Айыл чарба

Облустун айыл чарба тармагында 2002 жылдын башында 58 дыйкан чарба коллектиби, 12 айыл чарба кооператиби, 1 аксионердик коом жана 5155 жеке дыйкан чарба иштеген. Айыл чарба өндүрүшү дыйканчылыкта дан, картөшкө, мөмө-жемиш өстүрүүгө, мал чарбасында кой, уй, жана жылкы багууга адистешкен. 2001 ж. жалпы айыл чарба тармагында 79,0 миңдей адам эмгектенип, 6406,4 млн сомдук айыл чарба азык-түлүгү өндүрүлгөн (республиканын 13,4%). Айыл чарбага жарактуу жери 1591,2 миң га (облустун жалпы айантынын 36,9%), анын 11,6% айдоо жер (184,8 миң га), 0,3% көп жылдык мөмө-жемиш ж. б. дарактар (4,6 миң га), 0,8% чабынды (12,0 миң га), 87,2% жайыт (1388,1 миң га).

Дыйканчылыктан алынган түшүмдүн көлөмү бойунча оодандардын облустагы үлүшү , % менен
ОодандарДан эгиндериКартөшкөЖашылча
Жалпы облус боюнча100,0100,0100,0
анын ичинен:
Ак-Суу ооданы26,630,416,6
Жети-Өгүз ооданы16,032,621,1
Ысык Көл ооданы13,413,827,0
Тоң ооданы9,08,311,3
Түп ооданы35,014,924,0

Облуста эгин эгилген жердин жалпы айанты 2001 ж. 188,9 миң га'ды (республикадагы эгиндин 15,4%) түзгөн, анын 115,8 миң га'ры же 61,3%ына дан, 24,1 миң га'рына же 12,8%на картөшкө, 5,0 миң га'рына же 2,6%ына текникалык өсүмдүктөрү, 3,2 миң га'рына же 1,5% жашылча, 40,5 миң га'рына же 23,1%ына тойут өсүмдүктөрү эгилген. Мөмө-жемиш бактары 7,5 миң га жерди (республиканын 15,4%) ээлейт. 2001 ж. 306,0 миң т дан (республикадагы дандын 16,7%), 420,0 миң т картөшкө (35,9%), 51,3 миң т жашылча (6,3%) жана 32,3 миң т мөмө-жемиш (20,7%) алынган.

Облустун түрдүү менчиктеги бардык чарбаларында 2002 жылдын Үчтүн айынын 1-де 126,9 миң уй (республикадагы уйдун 13,1%), 590,6 миң кой-эчки (15,8%), чочко 16,4 миң (18,9%), 61,0 миң жылкы (17,2%), 337,8 миң үй куштары (10,4%) болгон. Алардан 2001 ж. тирүү салмакта эсептегенде 43,4 миң т (республиканын 12,7%), 144,0 миң т чийки сүт (12,7%), пизикалык салмактагы 2,1 миң т жүн (17,9%), 9,1 млн даана жумуртка (4,9%) өндүрүлгөн.

Мал чарба продуктуларын өндүрүү бойунча оодандардын облустагы үлүшү, % менен
ОодандарДан өндүрүүСүт саап алууЖүн кыркып алууЖумуртка
Жалпы облус боюнча100,0100,0100,0100,0
анын ичинен:
Ак Суу ооданы22,421,019,128,9
Жети Өгүз ооданы22,122,523,612,6
Ысык Көл ооданы21,017,219,011,7
Тоң ооданы15,712,319,06,3
Түп ооданы18,827,019,040,5

Транспорт

Облуста унаа, темир, аба жана суу жолдору бар. Унаа жолунун жалпы узундугу 6796 км (2000), анын 1645 км'и эл аралык, 2514 км'и республикалык мааниде, облустук жана жергиликтүү маанидеги жолунун узундугу 2637 км. Жолдун 80%нан көбү аспальт төшөлгөн. Негизги унаа жолу Ысык көлдүн жээгин айланта курулган Балыкчы — Чолпон Ата — Түп — Каракол — Кызыл Суу — Бөкөнбай—Балыкчы (жалпы узундугу 450 км) унаамагистралы түзөт. Бул жол аркылуу облустун дээрлик бардык калктуу пункттары байланышып, негизги жүктөрү жана жүргүнчүлөрү ташылат. Облустун батышында Балыкчы шаары аркылуу Бишкек — Токмок — Балыкчы — Нарын — Торугарт жолу, чыгышында Түп — Талды Суу — Кеген (Казакстан) жолу кетет. Көлдүн жээгин сырт менен байланыштырып турган Барскоон — Карасай — Ак Шыйрак — Эңилчек — Каракол унаа жолунун алтын, түстүү металл, курулуш материалдар ж. б. кен байлыктарын өздөштүрүүдө, ошондой эле жайкы жайыттарды пайдаланууда мааниси чоң. Облуста жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууда унаа транспортунун мааниси зор. 2001 ж. унаалар менен 3,0 млн т жүк ташылып (республиканын 11,3%), жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 375,5 млн жүргүнчү км (7,9%) болгон.

Облустун унаа транспорту бойунча маалымат (2001 ж.)
Оодандар жана шаарларЖүк ташуу, миң тоннаОодандардын жана шаарлардын үлүшү, % мененЖүктөрдү ташуу, млн жүргүнчүОодандардын жана шаарлардын үлүшү, % менен
Жалпы облус боюнча2988,7100,0375,5100,0
анын ичинен:
Ак-Суу ооданы214,27,219,55,2
Жети-Өгүз ооданы207,36.931,58,4
Ысык-Көл ооданы189,26,320,05,4
Тоң ооданы226,47,639,910,6
Түп ооданы523,017,510,72,8
Балыкчы шаары722,024,266,217,6
Каракол шааары47,9116,0144,238,4
Чолпон Ата шаары427,514,343,511,6

Балыкчы шаарына чейин темир жол жетет. Бул жолдун башка аймактар жана мамлекеттер менен экономикалык байланыш түзүүдө орчундуу мааниси бар. Республиканын башка аймактарынан айырмаланып, облуста суу жол транспорту бар. Негизинен эл чарба жүктөрү ташылат. Cуу жол транспортунун келечеги кең. Транспорттун бул түрү бойунча 2001 ж. 36,2 миң т жүк ташылган (1998 ж. — 30,6 миң т болгон). Ал эми жүк ташуунун жүгүртүлүшү 7,2 млн т км'ге (1996 ж. 6,1 млн км) жеткен. Аба жол транспорту жүргүнчүлөрдү жана почта жүктөрүн ташууда маанилүү. Каракол жана Тамчы шаарларында абабекеттер бар. Аба жолу Бишкек, Жалалабат, Ош, Баткен жана коңшу Өзбекстандын борбору Ташкен жана Казакстандын мурунку борбору Алма Ата менен байланыштырат.

Маданий турмушу

Облуста 2001/02 окуу жылында 2 жогорку окуу жайында бардыгы болуп 9,3 миң студент окуп, 577 окутуучу иштеген. Алардын ичинен экөө илимдин доктору, 50дөн ашыгы илимдин кандидаттары.

Облустун 6 атайын орто окуу жайында 1791 студент окуп, 211 окутуучу иштешсе, 9 кесиптик окуу жайларында 2035 окуучу билим алган. Аймактын жалпы билим берүүчү 190 мектебинде 98,3 миңдей окуучу окуп, 7471 мугалим иштеген. Облуста 2 жатак-мектеп, сабактарды тереңдетип окуткан 8 мектеп, 2 гимназиа, 4 лисей болгон. Жалпы мектептердин көбүндө инпорматика кабинеттери иштейт. Мектептерде окуулар кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Облуста 155 китепкана (1559 миң нуска китеп), драма театр (Каракол), бир нече театр, оодандык, айылдык маданиат үйлөрү, мамлекеттик музейлер Каракол тарыхый-жерге таануу музейи, Ысык Көл мамлекеттик тарыхый-маданиат корук музейи, Чолпон Атадагы Казак элинин белгилүү уулу Муктар Ауэзобдун үй-музейи ж. б. болгон. Облустук, оодандык жана шаардык бир нече гезиттер чыгып турат.

1981 жылдан «Ысык Көл» үналгысы (кыргыз, орус тилинде) иштейт. 1992 ж. алгачкы телекөрсөтүү эпирге чыккан.

Облуста облустук оорукана, 5 борбордук оодандык оорукана, үй-бүлөлүк медисина борбору, 105 пелдшердик-акушердик пункт, 7 санитариалык-эпидемиологиалык стансия, 18 үйбүлөлүк дарыгерлер тобу бар (2002). «Мээрим» пондусу тарабынан Чолпон Ата шаарыннда «SOS» Кыргызжер балдар айылы, «Алтын балалык» реаблитасия борбору уйушулган.

Облуста байыркы аркеологиалык эстеликтерден палеолит дооруна (б. з. ч. 6-4 миң жылдык) таандык байыркы көчмөндөрдүн аска бетине тарткан сүрөттөрү (Сары Жаз сыртында), алгачкы темир доорундагы (б.з.ч. 7-5 к.) сак-усун көчмөндөрүнүн эстеликтери (Балыкчыдан Чолпон Атага чейин, Алабаш тоосу ж. б.), байыркы буйум-тайым чогундулары (Таштак, Кырчын, Челпек коло буйумдары), байыркы түрк эстеликтеринен 6-10 кылымга таандык балбалдар (Ысык көл чөлкөмүнүн бардык аймактарында), шаар чалдыбарлары (Барскоон, Даркан, Тоң, Барбулак, Бостери ж.б.) ж. б. сакталган. Аркеологиалык эстеликтер сибилизасианын өнүгүшүнөн, жергиликтүү уруулардын басып өткөн тарыхый жолунан, көл бойунун Чыгыш, Батыш (Улуу Жибек жолу аркылуу) менен болгон соода-экономикалык маданий байланыштарынан кабар берет.

Негизги коомдук-экономикалык көрсөткүчтөрү

  • Калкы: 463,900 (1 Үчтүн айы 2015 баасында) анын ичинде: 130,800 шаардык жана 333.100 айылдык калк
  • Иштеген калк: 180,300 (2008)
  • Катталган жумушсуздардын саны: 4,902 (2008)
  • Экспорт: 18,8 млн АКШ доллары (2008)
  • Import: 221.7 млн АКШ доллары (2008)
  • Чет өлкөлүк түз инвестициялар: 1,1 млн.долл. АКШ доллары (2008-жылы)

Туризм

Ысык көлдүн түндүк жээгинин жана Күнгөй Ала тоонун кыркасынын ортосундагы бөксө (Тамчынын жанында)

Эң оболу санаторий-курорт, ден соолук чыңдоочу, тарыхий, рекреациялык жана тоо туризми менен кеңири белгилүү. Көлдүн жээгинде, бир мезгилде 30 миң эс алуучу адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар 128 санаторий-ден соолук чыңдоочу мекемелер жайгашкан.

Ысык-Көл туристтик аймагы маданий-тарыхый эстеликтерге өзгөчө бай. Бул жерде бир нече миң эстелик катталган, анын ичинен 320 объектиси мамлекет тарабынан коргоого алынып, 1 500 археологиялык эстелик расмий каттодон өткөн. Алардын арасында таш, коло жана темир доорлорунун эстеликтери (жатактар, үңкүрлөр, аскадагы жазуулар), орто кылымдагы таш скульптуралары, байыркы түрктөрдүн жазуулары, шаарчалар жана чакан шаарчалар бар.

Аймактыры

Тамчы айылындагы мечит, Ысык-Көл облусу
АймакБорборКарта
Ак-Суу аймагыАк-Суу
Жети-Өгуз аймагыКызыл-Суу
Тоң аймагыБөкөнбаев
Түп аймагыТүп
Ысык-Көл аймагыЧолпон-Ата

Булактарга шилтемелер