Эл аралык жарандык авиация уюму

Эл аралык жарандык авиация уюму (ЭЖАУ) — БУУнун адистештирилген мекемеси, жарандык авиациянын баардык иштери боюнча мамлекеттердин эл аралык кызматташуусун уюштурат жана ыраатка салат.

ЭЖАУга 190 мамлекет кирет. ЭЖАУнун уюштуруу актысы — Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү 1944-жылкы конвенция, анын текстине жобо киргизилип, ал уставды түзөт. ЭЖАУнун максаты: эл аралык учак жол-жоболору менен усулдарын иштеп чыгуу, эл аралык учак унаа каражаттарын ыраатка салуу жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, учуу-техникалык эрежелерин өркүндөтүү, учуунун коопсуздугун камсыз кылуу ж. б.

Булактар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7