FTSE 100 Index

FTSE 100 Index (Financial Times Stock Exchange Index, формалдуу эмес Footsie) —Лондон фондулук биржасынын алдыңкы индекси. Financial Times жана Лондон фондулук биржасына таандык көз карандысыз FTSE Group компаниясы тарабынан эсептелет.[1]

1984-жылдын 3-январынан тартып 1000 пункт деңгээлинен баштап эсепетеле баштаган. 1999-ж. 30-декабрында 6950,6 пункт болуп эң жогорку көрсөткүчкө жетти.[2]

Индекстин компоненттери

2021-жылдын сентябрында өнөр жай товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр сектору индекстеги 11,5% салмагы менен эң ириси, андан кийин 11,3% менен финансылык сектор жана үчүнчү орунда 9,9% менен саламаттыкты сактоо сектору болгон.[3] 10 ири компания индекстин бардык катышуучуларынын жалпы рыноктук капиталдаштыруусунун 41% суммалык салмагына ээ болгон.

Тандоо критерийлери

Акциялары FTSE 100 индексинин эсебинде эсептелинген компаниялар, FTSE Group тарабынан коюлган шарттарды канааттандырууга тийиш:[4]

  • Лондон фондулук биржасынын тизмесине кирүүгө,
  • FTSE 100 индексинин акцияларынын баасы фунт же евро менен көрсөтүлүүгө тийиш,
  • белгилүү бир мамлекетке тиешелүүлүгү боюнча тесттен өтүшү керек,
  • акциялары эркин жүгүртүлүп жана жогорку ликвиддүү болууга тийиш.

Индекс квартал сайын март, июнь, сентябрь жана декабрдын биринчи жумасында каралат.[5]

Эскертүүлөр