Аланд аралдары
Аланд аралдары (Аланддар, швед. Åland — Оланд, фин. Ahvenanmaa — Ахвенанмаа) — Балтика деңизинде, Ботния булуңуна кире бериште; Финляндиянын аймагы. Аянты 1,5 миң км2дей. Калкы 22,6 миң (1980). 6,5 миң граниттүү аралдардан (бийиктиги 132 мге чейин) жана шхерлерден турат. Аралаш токой, бадал, шалбаа өсөт. Деңиз климаттык курорттору бар. Балык кармалат, сүт багытындагы уй асыралат. 1921-жылдан демилитаризацияланган зона.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч