Банда (кескитоп)

Банда (кескитоп) (ит. banda ) – кылмыш-жаза укугунда жарандар менен уюмдарга колсалуу максатында түзүлгөн жана куралданган туруктуу топ. Кандайдыр бир кылмыш жасоо үчүн катары 2 адамдан кем болбогон өзалдынча топтордун бирикмеси. Сот тажырыйбасында жалпынын макулдугу боюнча арасындагы кимдир бирөөнүн эркине башийүү менен, жалпы максатты көздөп, кандайдыр бир убакытка чейин уюмдашкан адамдардын бирикмеси.

== Колдонулган адабияттар ==
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7