Бразилиянын аймактары

Бразилиянын аймактары — Бразилия Федеративдик Республикасын табигый, маданий, экономикалык, тарыхый жана социалдык шарттардагы жалпылыгына жараша аймактарга бөлүү.

Учурда Бразилия беш аймакка бөлүнөт (макроаймактар деп да аталат)[1]. Аймактарга бөлүү Бразилиянын география жана статистика институту тарабынан киргизилген жана ушул аймактарды түзгөн штаттардагы табигый, маданий, экономикалык, тарыхый жана социалдык шарттардын жалпылыгына негизделген.

Бразилиянын аймагын бөлүү расмий маалыматтарда дайыма колдонулуп келет, бирок федералдык деңгээлдеги өкмөттүк программаларга багыттоодон башка саясий таасири жок. Аймактарда башкаруу органдары жок[2].

АймакКалкы (млн)

(2016)

Аянты (миң км²)Ири шаарларыКурамы
Борбордук-Батыш аймагы15,61612БразилиаФедералдык округ жана 3 штат: Гояс, Мату-Гросу, Мату-Гросу-ду-Сул
Түндүк-Чыгыш аймагы56,91561Ресифи9 штат: Алагоас, Баия, Мараньян, Параиба, Пернамбуку, Пиауи, Риу-Гранди-ду-Норти, Сеара, Сержипи
Түндүк аймагы17.73870Манаус7 штат: Акри, Амазонас, Амапа, Пара, Рондония, Рорайма, Токантинс
Түштүк-Чыгыш аймагы86,3927Сан-Паулу4 штат: Минас-Жерайс, Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Эспириту-Санту
Түштүк аймагы29,4577Порту-Алегри3 штат: Парана, Санта-Катарина, Риу-Гранди-ду-Сул

Борбордук-Батыш аймагы

Аянты боюнча Бразилиянын экинчи аймагы. Саваннадан тропикке чейинки климаттык алкактарды камтыйт. Калктын жыштыгы төмөн, жашоочулардын негизги кесиби дыйканчылык жана мал чарбачылыгы. Бул аймакта Бразилия борбору жайгашкан.

  • Аянты: 1,612,007. 2 км2 (18.86%)
  • Калкы: 13,357,154 (7,2 адам/км2; 6,4%)
  • ИДП: 279 миллиард риал / 174,3 миллиард АКШ доллары (2008; 8,3%) (4-орун)

Түндүк-Чыгыш аймагы

Климаты тропиктен кургакчылыкка чейин, узун жээк сызыгы. Калктын жыштыгы жогору, калктын саны боюнча аймактар арасында экинчи орунда турат. Бул курорттук аймак, ошондуктан калктын негизги кесиби туристтик кызматтар менен байланышкан. Мындан тышкары — машина куруу, текстиль өндүрүшү, какао өстүрүү ж.б. багытында иштеген ишканалар да жайгашкан.

  • Аянты: 927,286 км2 (10,85%)
  • Калкы: 80,303,750 (77,96 адам/км2, 38%)
  • ИДП: 1,629 триллион риал / 803 миллиард АКШ доллары (2008; ~49%) (1-орун)

Түндүк аймагы

Аймактар арасында аянты боюнча эң чоңу. Климаты экватордук, жогорку температура жана жаан-чачындын көптүгү менен айырмаланат. Калктын жыштыгы өтө төмөн. Экономиканын негизги тармактары — металлургия, энергетика, электроника жана каучук өндүрүшү.

  • Аянты: 3,689,637. 9 км2 (45.27%)
  • Калкы: 17,707,783 (4,6 адам/км2 6,2%; 2016)
  • ИДП: 308 миллиард риал / 94,8 миллиард АКШ доллары (2016; 4,7%) (5-орун)

Түштүк-Чыгыш аймагы

Аймак аянты боюнча салыштырмалуу кичинекей, бирок бул аймакта өлкөнүн калкынын дээрлик жарымы жашайт, ошондуктан калктын жыштыгы өтө жогору. Климаты тропиктик мелүүн. Бул аймакта ири шаарлар жана өнөр жай ишканаларынын саны абдан көп. Бул аймак Бразилиянын бизнес тармагынын борбору болуп санаталат.

  • Аянты: 927,286 км2 (10,85%)
  • Калкы: 80,303,750 (77,96 адам/км2, 38%)
  • ИДП: 1,629 триллион риал / 803 миллиард АКШ доллары (2008; ~49%) (1-орун)

Түштүк аймагы

Аянты боюнча эң кичинекей аймак, калктын жыштыгы жогору. Климаты тропиктик мелүүн. Экономиканын тармактары — машина куруу, энергетика, жемиш өстүрүү.

  • Аянты: 577,214 км2 (6,75%)
  • Калкы: 25,800,000 (43,46 адам/км2, 12,5%)
  • ИДП: 503 миллиард риал / 313,8 миллиард АКШ доллары (2008; ~15%) (2-орун)

Аймактардын этникалык курамы

АймакЕвропалыктар[3]Африкалыктар[3]Американын түпкү калкы[3]
Түндүк аймагы (Бразилия)68.80%10.50%18.50%
Түндүк-Чыгыш аймагы (Бразилия)60.10%29.30%8.90%
Түштүк-Чыгыш аймагы (Бразилия)74.20%17.30%7.30%
Түштүк аймагы (Бразилия)79.50%10.30%9.40%

Булактар

Тышкы шилтемелер