Бэнкс, Тайра

Тайра Бэнкс - Америкалык супермодель, актриса, ырчы, продюсер жана теле-алпаруучу.

Тайра Бэнкс
Жалпы маалымат
Толук аты жөнү:Тайра Линни Бэнкс
Туулган жылы:1973-жылы 4-декабрь
Туулган жери:Инглвуд, Калифорния, АКШ
Өлкө:АКШ
Ишмердүүлүгү:модель, ырчы, продюсер, алыпбаруучу]]

Парижде, Миланда, Лондондо, Токиодо жана Нью-Йоркто модель болуп иштеп жүрүп атак-даңкка жетишкен, бирок, ал чыныгы акчанын даамын теледе иштеп жүрүп таткан. Азыркы учурда өзү түзгөн "Американын эмки топ-модели" теле-проектисин жетектеп, алыпбаруучусу болуп эмгектенет. Азыр ал дүйнөнүн 50 мыкты моделинин катарын толуктап келет жана бир нече сыйлыктардын ээси.

Алгачкы жылдары

Тайра Бэнкс 4-декабрда 1973 жылы мода менеджери жана сүрөтчү Кэролайн Бэнкс жана ИТ адиси Дональд Бэнкстин үй-бүлөсүндө туулган. Тайранын ата-энелери 6 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Ал Лос-Анжелестеги эн мыкты окуу жайында окуп, UCLA жана USC университеттерине да кабыл алынган. Бирок, ал моделдик ишин улантыш үчүн бул окуу жайлардан баш тартат.

Моделдик иши

Тайра өзүн эң биринчи модель катары Seventeen Magazine журналынын сыртына тартылып сынап көргөң. Ошондон кийин ийгилик ага жылмайып дароо 25 дизайнер келишим түзүүнү сунуштаган.

Тайра Anna Sui, Covergirl, Bill Blass, Chanel, Christian Dior, Dolce&Gabbana, Donna Karan, H&M, Michael Kors, Oscar de la Renta ж.б. белгилүү бренддер менен келишим түзүп иштеген. Анын жүзүү Harper’s Bazaar, Vogue, Elle, Cosmopolitan сыяктуу журналдардын сыймыгы болгон.

1997 жылы Бэнкс "Жылдын супермодели" наамын алганга жетишкен. Ошондой эле Victoria's Secret брэндинин эн алгачкы тартуулаган афро-америкалык модель болгон.

2005 жылы Тайра модель болуудан баш тартып, толугу менен теле тармагына кетет.

Фильмография

Фильм
ЖылыФильмдин аталышыТасманын оригиналдуу аталышыЖараткан ролу
1993Беверли-Хилздеги ханышыThe Fresh Prince of Bel-AirДжекки Эймс
1995Жогорку БилимHigher LearningДея
1999ХьюлиThe HughleysНиколь
2000Суйуу жана БаскетболLove and BasketballКайра Кислер
2000Жашоо көлөмуLife SizeИв
2009Gossip GirlGossip GirlУрсула Найквист

Теле

Тайрага теледен анын өзүнүн "Кийинки Америка топ-модели" теле проектиси чон ийгилик алып келди. Ал азыркы убакытка чейин программанын алыпбаруучусу, продюсери жана жюриси болуп келет.

Китеби

1998 жылы Бэнкс "Тайранын сулуулугу: ички жана сырткы" аттуу китепти жазып чыккан. Бул эмгегин окуган айымдар өздөрүнүн табигый сулуулугун сезе алышат.

Кызыктуу фактылар

Тайра эч качан алкоголь ичимдигин колдонбойт

Тайра үчүн моделдик ишин жаңы баштап келе жатканда эн биринчи атаандашы Наоми Кэмпбелл болгон.

Тайранын иттерден аллергиясы бар.

Тайра сүрөткө түшүп жатканда өзүнүн жеке эрежеси болгон: алкоголь ичимдиктерин жана жан-жаныбарларды кармап түшпөө

Ошондой эле Тайраны Майкл-Джексондун видео-клиптеринен кездештирүүгө болот.

Шилтемелер