Вольфрам кислоталары

Вольфрам кислоталары – вольфрам үч оксидинен (WО3) алынуучу к-талар. WО3 (же моногидрат WО3Н2О) – сары түстөгү кристалл же аморфтук зат: 180оС жогорку темп-рада WО3 жана сууга ажырайт; тыгызд. 5,5 г/см3; сууда жана минералдык к-таларда (плавик к-тасынан башка) начар эрийт. WО3 дагы башка к-талары белгилүү: вольфрам к-тасы (ак түстөгү) же дигидрат WО32Н2О; метавольфрам к-тасы Н2О4WO3xH2O; надвольфрам к-тасы WО3Н2О2Н2О же Н2WО5Н2О. Метавольфрам изополик-тасы Н2 (Н2 W12О4)26Н2О башка изополи В. к. айырмаланып, катуу түрүндө бөлүнүп алынган. Бул к-талар сууда жакшы эрийт. Гетерополивольфрам к-талары да белгилүү: Н3[Si(W3O10) 4]; Н3[P(W3O10) 4]; Н3[As(W3O10) 4] жана башка Бардыгы сууда жакшы эрийт жана суудан моногидрат түрүндө бөлүнөт. В. к. текстиль ө.ж-да адсорбент, жогорку октандуу бензинди өндүрүүдө катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6