Жолочу Рысбаев

Жолочу Рысбаев — Кыргызстандык акын, сатирачы. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (2019), Кыргыз Республикасынын эл акыны (2021)[1].

Жолочу Рысбаев
Туулган жылы:

25 -июнь 1949(1949-06-25)

Туулган жери:

Жылуу-Булак, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи

Каза болгон жылы:

30 -апрель 2024(2024-04-30) (74 жаш)

Каза болгон жери:

Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

сатрик, акын

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Өмүр баяны

Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган. 1966-жылы Сан-Таш орто мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген.
1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, 1991-жылдан чейин, Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.
1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Учурда Кыргыз улуттук радиосундагы жекшембилик “Кутмандуу болсун күнүңөр” радиожурналын даярдоо менен Чүй облустук телерадио компаниясында улук редакторлук кызматта эмгектенген. 30-апрель 2024-жылы каза болгон[2].

Китептери

Кыргыз тилинде

Чырмоок: Тамсилдер. - Ф.: Кыргызстан. - 1982. -63 б.

Коңгуроо: Сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар.  Ф.: Кыргызстан, 1988. - 70 б.

Ой, шумдук!: Ырлар, тамсилдер. - Ф.: Адабият, 1992. - 37 б.

Ап-Чихи!-Чүчүңүз!: Сатиралык ырлар.  Б., 1999. - 134 б.

Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес: Сатиралар, тамсилдер. -2006. - 286 б.

Ачуу-таттуу аралаш 2008.

Булактар