Йосемити улуттук паркы
Йосемити улуттук паркы - Сьерра-Невада тоолорунда (Калифорния штаты). АКШдагы алгачкы коргоого алынган ландшафт (1864), 1890-жылдан улуттук парк. Аянты 304 миң га (1970). Табияты өзгөчө кооз, шаркыратма каскаддары бар (жалпы бийиктиги 739 м, эң бийиги Жогорку Йосемити шаркыратмасы 436 м) Йосемити Крик дарыясынын өрөөнүн камтыйт. Анда ийне жалбырактуу, алп секвойялуу (жашы миң жылдан ашкан) токойлор өсөт. Сүт эмүүчүлөргө (78 түр; кара аюу, барибал, кара куйрук бугу ж. б.) жана куштарга (200 түр) бай. Туризм чордону. Жылына 1,7 млндон көп турист келет.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч