Калий сульфити

Калий сульфити, К2SО3 — түссүз кристалл, ысытканда ажырайт, сууда жакшы эрийт, пайда болуу жылуулугу DН°98 = -266,9 кДж/моль. Суудагы эритмеси гидролизге дуушар болуп щелочтуу чөйрөнү берет. Абадан нымды тез сиңирип алып кристаллогидратты К2SО3.2Н2О пайда кылат. Эритме түрүндө тез окистенет. Ысытуудан калий сульфатын жана сульфидин пайда кылат. Негизинен ө. ж-да калыбына келтиргич катары колдонулат. Калийдин гидросульфити КНSО3 — сууда жакшы эриген түссүз кристалл, ысытканда К2S2О5 айланат (калий пиросульфити). Негизинен ар түрдүү материалды агартыш үчүн колдонулат. Жеңил ө. ж-да текстиль материалдарын боёо жана ар кандай түс бериш үчүн керектелет. Калий гидросульфити, калий гидроксиди же карбонаты менен күкүрт оксидинин (IV) өз ара аракеттенишинен алынат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6