Коом аралдары
Коом аралдары (îles de la Société), Жoлдoштук аралдары – Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү архипелаг, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,6 миң км2 (эң ириси – Таити). Жанар тоодон пайда болгон. Бийиктиги 2241 мге чейин (Таити аралында). Нымдуу тропик токою басымдуу. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн, балык кармалып, бермет чогултулат. Административдик борбору – Папеэте (Таити аралында). Лондон король коомунун атынан аталган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч