Лаго-Мажоре
Лаго-Мажоре (итал. Lago Maggiore – чоң көл), Вербано – Италия менен Швейцариядагы көл. Альп тоолорунун түштүк тармактарында. Аянты 212 км2, узундугу 62,5 км, тереңдиги 372 мге чейин. Тоо аралык ойдуңда деңиз деңгээлинен 194 м бийикте жайгашкан. Жээги бийик, жардуу. Лаго-Мажоре аркылуу Тичино дарыясы (По дарыясынын сол куймасы) агып өтөт. Кеме жүрөт. Балык кармалат. Туризм өнүккөн; климаттык курорттору: Аскона, Локарно (Швейцария), Интра, Каннобио, Лавено, Палланца, Стреза (Италия) жана башка.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч