Лакмус

Лакмус – эңилчек кээ бир түрлөрүнөн бөлүнүп алуучу боёочу зат. Реакция чөйрөсүн аныктоочу индикатор катарында колдонулат. Кычкыл чөйрөдө кызыл түскө, щелочтук чөйрөдө көк түскө өтөт, ал эми нейтралдуу чөйрөдө түсүн өзгөртпөйт.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6