Маршал

Маршал (немецче marah — ат, scalc – малай) – 1) орто кылымда Францияда королдун ат багарынын наамы. 12-кылымдан королдун жан сакчыларын, ат күзөтчүлөрүн жана атканаларын башкаруучу сарай ак сөөгү. 13–15-кылымда король аскерлеринин бир бөлүгүнүн командачысы; 2) көп өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө жогорку аскердик наам маршал наамы Францияда 16-кылымда пайда болгон. 19-кылымда Испания, Туркия, Италия жана Японияда, 20-кылымда айрым Европа өлкөлөрүнө маршал наамы киргизилген. Пруссия (кийин Германияда), Австрия (кийин Австрия-Венгрияда) жана Россияда маршал генерал-фельдмаршал, Улуу Британияда фельдмаршал наамына тең болгон. СССРде 1935-жылдан Советтер Союзунун Маршалы, 1943-жылдан Башкы маршал жана авиация маршалы (артиллерия, сооттанк, инженердик жана байланыш аскерлеринин) наамдары болгон; 3) Польшада кээ бир жарандык кызматтагы адамдын наамы (Сейм маршалы, Сеймдин вице-маршалы).

Колдонулган адабияттар