Нике курагы

Нике курагы – мыйзам тарабынан никелешүүгө улуксат берилген курак. КРде жалпы эрежеге ылайык 18 жаш. Ошентсе да, жүйөлүү себептери болсо жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары никелешүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча аны 2 жылдан ашык эмес убакытка төмөндөтө алат.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7