Обочолонтуучу тилдер
Обочолонтуучу тилдер - сез өзгөртүүчү жанa сөз жасоочу мүчөлөр жалганбаган тилдер.
- Мис., Вьетнам, япон, тибет, бирма тилдери. Обочолонтуучу тилдерде сүйлөмдөгү сөздөр өз ара синтаксистик жол (сөздөрдүн орун тартиби, интонация, ритм жанa жардамчы сөздөр) аркылуу байланышат.
- Обочолонтуучу тилдер уңгунун бир муундуу келиши, муунда муз. тондун болушу, бардык сөздердү сөз түркүмдорүнө ажыратууга мүмкүн эместиги, б. а. бир эле сөздүн ар түрдүү граммат. милдет аткара тургандыгы менен мүнөздөлөт.
- Бул типтеги тилдердин айрым элементтери инди-европа, түрк, финн-угор тилдеринде да бар.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч