Орлеан
Орлеан – Франциянын эң ири шаарларынын бири. Луара дарыясынын боюнда, Парижден 130 км түштүк-батышта жайгашкан. Луара департаментинин жана Орлеан тарыхый облусунун административдик борбору. Калкы 113,1 миң (2010). Жолдор тоому. Машина куруу (айыл чарба, электр-техникалык), тамак-аш– татымал (негизинен уксус), текстиль, фармацевтика өнөр жай ишканалары иштейт. Б. з. ч. Ценабум деген ат менен негизделген. Готика стилиндеги Сент-Круа собору (13-к.), чиркөө (1170), ренессанс, барокко жана классицизм стилиндеги архитектуралык эстеликтер, ратуша (1513–19; учурда музей) сакталган. Франциянын эл баатыры Жанна д’Аркка эстелик орнотулган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч