Пайгамбар
Пайгамбар, расул – диний концепцияларда (Инжил, Куран ж. б.) кудайдын эркин, буйругун адамдарга жеткирүүчү касиеттүү олуя адам, көсөм, үгүт-насаатчы; кудайдын жердеги элчиси. Ислам дининде Пайгамбарлар Аллага моюн сунуп сыйынууга адамдарды үгүттөгөн. Мусулмандар 28 Пайгамбарды аташат; Адам (Алланын таза кулу), Идирис, Нух (Ной), Салих, Ибрахим (Абраам, Кудайдын досу), Лут, Ысмайыл, Худ, Искак (Исаак), Жакып (Якуб), Жусуп (Иосиф), Аюб, Шугаюб, Муса (Моисей, Кудай менен сүйлөшкөн), Арун, Зулкефил, Дауд (Давид), Сулайман, Илияс, Жунус, Закиря, Яхья, Ыйса (Иисус, Рухтан бүткөн), Мухаммед (Кудайдын сүйгөнү) ж. б. Алар Кудайдын пенделерге жөнөткөн өкүлдөрү дешет. Ислам диин боюнча Мухаммед Алланын эң акыркы Пайгамбары болуп саналат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч