Прополис
Прополис (грек тилинен πρόπολις) — бал аарылар чыгаруучу жабышкак чайыр зат.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/5/55/%D0%9F%D1%80%D0%BE%D0%BF%D0%BE%D0%BB%D0%B8%D1%81.png)
Сүрөттөмөсү жана курамы
Прополисти аарылар бал челектин капталына сыйпап, тешиктерин бүтөйт. Даамы ачуу, сироп сымал, түсү сары же күрөң. Сакталганда коюлуп, канифолго окшош кочкул күрөң массага айланып катыйт. 80—104° С температурада эрийт. Курамында 50—55% өсүмдүк чайыры, 8—10% эфир майы, 30%ке жакын мом бар. Ар бир бал челектен бир сезондо 100—150 г прополис алынат. Прополис микробдорго каршы таасир берет. Ал экзема, жараат жана башкалар колдонулуучу дары майлардын составына кирет. Аны врачтын сунушусуз колдонуу жарабайт, себеби алар кээ бир ооруларды күчөтүшү мүмкүн.
Колдонулган адабият
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган