Сергей Ильюшин

Ильюшин, Сергей Владимирович - Эң көрүнүктүү авиаконструктор, үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты.

Сергей Ильюшин

Өмүрү таржымалы

С. В. Ильюшин 1894-жылы 30-мартта Вологда губерниясындагы Диляево кыштагында туулган. Турмуш жолун авиомеханик болуп иштөөдөн баштаган. 1926-жылы Н.Е, Жуковский атындагы Аскер аба-инженердик академиясын бүтүргөн. С. В. Ильюшин 1977-жылы дүйнөдөн кайткан.

Ишмердүүлүгү

ИЛ-2.
ИЛ-4.

1931-жылы конструктордук бюро уюштуруп аны өзү башкарган. Согуш мезгилинде «ИЛ-4» деген ат менен чыккан бул машина алыска аракеттенүүчү негизги авиация болгон. 1940-жылдан баштап «ИЛ-2» сериясы чыга баштаган. Бардыгы болуп 36 миңден ашык штурмовик чыгарылган. Дүйнөдө бир да самолет мынчалык массалык серияда чыгарылган эмес. Ильюшиндин жургүнчүлөрдү ташуучу самолетуиун долбоорун аэрофлат 1946-жылы пайдаланууга алып «ИЛ-12» самолетун түзүлгөн, «ИЛ-14», «ИЛ-18» жана континенттер аралык учуучу лайнер «КЛ-62» аэрофлоттун флагманы болуп калды.

30 жыддан ашык консртуктордук бюрого жетекчилкк кыяган жылдарынын ичинде самолеттордун ондогон типтери түзүлүп, алардын көпчүлүк бөлүгү сериялык түрдө чыгарылган.

Сыйлыктары

Конструктордун эмгеги жогору бааланып, Ленин ордени менен 7 жолу, Октябрь Революциясы ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

  • ГОРБАЧЕВА М. Генеральный конструктор // Ленинчил жаш. - 1984. ~ 31 март;
  • ИЛЬЮШИН Сергей Владимирович //"Кыргыз Совет Эициклопедиясы. - Ф., 1977. - Т.2. - Б. 612.