Соко
Соко – дыйканчылыктагы эмгек шайманы. Чыканак сымал ийрейип өскөн катуу жыгач тандалып, анын кыска ачасына коло, чоюн же темир тиш бекитилген. Узун ачасынан илмекче чыгарылып, ага унаага чиркөөчү ок жыгач бириктирилген.
Сокого чегилген унааны бир адам жетелеп, экинчиси Соконун туткасын 2 колу менен жерге бек ныгыра кармап, жер айдоону жүргүзгөн. Сокого өгүз же ат чегилген. Мурунураак Соко буурсунду алмаштырган.
Колдонулган адабият
- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
Интернеттик шилтемелер
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч