Стела

Стела (латынча stela, грекче stele; «стэла» деп окулат) – көркөм искусство тарыхында – тик плита же түркүк түрүндөгү мүрзөнүн үстүнө коюлуучу мемориалдык белги. С-нын кээ бир сакталып калган байыркы грек рельефтик сүрөттөлүштөрү антик доорунун маанилүү эстеликтери болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004