Сюита

Сюита (франц. suite - катар, кезектеш) –

1. Бири-бири менен эркин байланыштагы өз алдынча бөлүмдөрдөн турган аспаптык чыгарма. Алар адатта жанрдык же мазмундук негизде бириктирилген.

«Сюита» термини 16-кылымда Францияда колдонула баштаган. Бүгүнкү күндө Сюита башка көп бөлүмдүү аспаптык чыгармалардан (мис., соната, концерт ж. б.) айрып таануучу жанрдык көрсөткүч катары колдонулат. Сюитанын бөлүктөрү аллеманда, куранта, сарабанда, жига. Сюита көлөмүн чоңойтуу максатында сара-банда менен жиганын ортосуна тенуэт, бурре, гаеот, полонез сыяктуу бий-лер киргизилген.

2. Балеттин бир нече мүнөздүү бийлерден турган бүтүн бирфрагменти же көрүнүшү. Кээде алдивертистент деп да аталат.

Колдонулган адабияттар

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.