Тайга
Тайга – түндүк мелүүн алкактагы ийне жалбырактуу токойлор. Мында жазы жалбырактуу токойлор да кездешет. Дарактардан негизинен карагай, мырза карагай, көк карагай өсөт. Бадалдары сейрек. Зоналуулук принциби боюнча Тайга түндүк, ортонку жана түштүк зоначаларга бөлүнүп, алар КМШнын Чыгыш Европа жана Батыш Сибирь түздүктөрүндө даана байкалат. Тайга Европа менен Азиянын, Түндүк Американын түндүк бөлүгүнүн кенен мейкиндиктерин ээлейт. Ал өсүмдүк курамына жараша каралжын түстөгү ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, сибирь мырза карагайы, бал карагай) жана ачык түстөгү ийне жалбырактуу (мырза карагай, кызыл карагай жана америка мырза карагайынын айрым түрлөрү) токойлор болуп бөлүнөт. Тайгада өнөр жайга керектүү дарактын көп түрү өсөт.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч