Фонтан
Фонтан (лат. fontis - кайнар булак) архитектурадa - суунун жогору атылышы же төмөн жылжып агып түшкөн сууга айланта салынган кооз курулма.
Ал негизги имараттын тегерегине көрк берүү жана абаны салкындатуу үчүн курулат. Фонтан байыртан эле архитектура менен скульптураны шайкеш ала жүргөн көркөм образдарды түзүүнүн каражатына айланган. Байыркы Фонтандар (кооздолгон кудуктар, булактар) түрдүү композицияда ишке ашырылып шаарлардын, парктардын көркүн чыгарган. Фонтан Байыркы Римде (Помпей ж. б.), о. кылымдарда Батыш Европанын шаарларында, чыгыш өлкөлөрүндө (Түркия, Иран, Индия ж. б.) кеңири таралган. Азыркы Фонтандар заманбап техникалар менен жабдылып, кечкисин ар түрдүү түстө жарыктандырылып, аянттарды, парктарды көркүнө чыгарып турат.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч