Якоб Бернулли
Якоб Бернулли (27. 12. 1654-16. 08. 1705) - Базель университетинин матем. боюнча профессор (1687).
Лейбництин дифференциалдык эсептөөлөрү менен таанышып, бир катар ийри сызыктардын касиеттерин үйрөнүүдө жаңы идеяларды колдонгон. Бир тууганы Иоганн менен бирге вариациялык эсептөвгө жол салган. Чоң сандар законунун бир көрүнүшү болгон Бернулли теоремасын далилдеген. Натуралдык сандардын бирдей даражалуу суммаларын эсептөөдө Бернулли санын ачкан. Физика боюнча да иштеген.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч