.in


.inИндия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

.in
DotIn ccTLD logo.svg
Киргизилген жылы

1989-жыл 8-май

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

INRegistry

Уюштуруучу

National Internet Exchange of India

Багыты

Индия менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Индияда абдан популярдуу. 2005-жылы каттоо эрежелерин жеңилдеткенден кийин чет өлкөлүк каттоочулардын санынын өсүшүнө алып келди.

Каттоодо болгон жолтоолор

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Маңызы

Үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоо, экинчи деңгээлдеги домендердин аталышына байланыштуу

Документтер

Шарттары жана эрежелери

Карама-каршылыктарды чечүү

.IN Domain Name Dispute Resolution Policy (INDRP)

DNSSEC

бар

Веб-сайт

registry.in

.भारत
.bharat.svg
Киргизилген жылы

2011-жыл 5-февраль

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

INRegistry

Уюштуруучу

National Internet Exchange of India

Багыты

Индия менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Индияда кеңири колдонулат

Каттоодо болгон жолтоолор

Кээ бир субдомендерди каттоодо чектөөлөр бар सरकार.भारत (≈ gov.in) жана विद्या.भारत (≈ edu.in)

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

DNSSEC

бар

Веб-сайт

रजिस्ट्री.भारत (registry.bharat)

.in — 1989-жылы баштапкы .com, .net жогорку деңгээлдеги жалпы домендеринен жана .us улуттук доменинен кийин, төртүнчү болуп ишке берилген домендик аймак.

Учурда ал National Internet Exchange of India (NIXI) тарабынан башкарылат.

Катоочуу операторлор

Домен алгач Программалоо технологиялары боюнча улуттук борбору (NCST) жана ага караштуу Эсептөөлөрдү өнүктүрүү борбору (C-DAC) тарабынан башкарылган.

Индиянын Өкмөтү 2004-жылы .in домендик аймакты башкаруу жоопкерчилигин Индиянын National Internet Exchange of India (NIXI) курамындагы жаңы түзүлгөн National Informatics Centre (NIC) өткөрүп берүү жөнүндө буйрук чыгарган.

Neustar Data Infotech (India), ERNET жана Коргоо министрлиги - gov.in, res.in, ac.in жана mil.in домендерин каттоочу болуп дайындалышкан[1][2].

2018-жылдын августунда NIXI Neustar Incтин туунду компаниясы болгон Neustar Inc компаниясына домендери каттоо кызматтарын камсыздоо укуктары берилген жана 2019-жылдын мартында толугу менен ишке киришкен.

Neustar Inc жергиликтүү тилдердеги домендердин аталыштарын каттоо боюнча да иш алып барат[3].

Экинчи даражадагы домендер

2005-жылдан тартып домендерди каттоодо либералдаштырылган саясат жүргүзүлө баштаган жана .in домен аймагында экинчи деңгээлдеги аталыштарды чектөөсүз каттоого жол ачылган.

Бул саясатка чейин түзүлгөн, учурдагы иш үстүндөгү домендик аймактардын ичинде да чектөөсүз каттоого уруксат берилген[4]:

  • .in — Индиядагы компаниялар, жеке адамдар жана уюмдар тарабынан колдонулат.
  • .co.in — банктарга, каттоодон өткөн компанияларга жана товардык белгилерге арналган.
  • .com.in — ар бир калоочууга жеткиликтүү, Индиядагы компаниялар, жеке жактар жана уюмдар тарабынан колдонулат.
  • .firm.in — дүкөндөр, байланыш кеңселери, менчик ээлерине арналган.
  • .net.in — Интернет-провайдерлерге арналган.
  • .org.in — коммерциялык эмес уюмдар үчүн.
  • .gen.in — жалпы ар кандай багыттарда пайдалануучуларга арналган.
  • .ind.in — жеке жактар үчүн.

Индиядагы ар тарапту институттар үчүн резеврделген аталыштар[4]:

  • .ernet.in — билим берүү жана илим-изилдөө институттары үчүн.
  • .ac.in — академиялар үчүн.
  • .edu.in — билим берүү мекемелери үчүн.
  • .res.in — Индиялык изилдөө институттары үчүн.
  • .gov.in — Индия өкмөтү үчүн.
  • .mil.in — Индиянын аскердик уюмдары үчүн.

.nic.in домендик аталыш — Индиянын Улуттук маалымат борбору үчүн резеврделген, бирок иш жүзүндө Индиянын мамлекеттик мекемелеринин көбүнүн домендеринин аталышы .nic.in менен аяктайт.

.in домендик аймагында, 2021-жылдын 29-октябрында замандын талабына ылайык төмөнкү субдомендер ишке киргизилген[5]:

  • .5g.in
  • .6g.in
  • .ai.in
  • .am.in
  • .bihar.in
  • .biz.in
  • .business.in
  • .ca.in
  • .cn.in
  • .com.in
  • .coop.in
  • .cs.in
  • .delhi.in
  • .dr.in
  • .er.in
  • .gujarat.in
  • .info.in
  • .int.in
  • .internet.in
  • .io.in
  • .me.in
  • .pg.in
  • .post.in
  • .pro.in
  • .travel.in
  • .tv.in
  • .uk.in
  • .up.in
  • .us.in

Чектөөлөр бар учурунда.in аймагында, 1992-жылдан 2004-жылга чейин 7000 гана домен катталган.

2010-жылдын март айына карата бул аймакта катталган домендердин саны 610 000ден ашкан (60% Индия менен байланышы бар объектер, 40% чет өлкөлөргө таандык объектер).

2011-жылдын октябрына карата домендердин саны 1 миллиондон ашкан.

2010-жылдын март айына карата бул аймакта катталган домендердин саны 2 миллиондон ашкан[6].

.in доменин колдонуудагы чектөөлөр

Каттоо шарттарына ылайык .in домендик аймагында купуялыка жол берилбейт (домендин аталышы ачык маалымат)[7].

Атайын домендик аталыштар

Индиянын аймагында тараган 22 жергиликтүү тилде эл аралык домендик аталыштарды киргизүүнү пландалган. 2016-жылдын октябрында, ICANN тарабынан домендик аталыштардын он беши кабыл алынган:

.भारत (деванагариче), төмөнкү аймактарда каттоо жеткиликтүү[7]:

Деванагариче жазылышыОкулушу
भारत.бхарат
कंपनी.भारतкомпания.бхарат
विद्या.भारतвидиа.бхарат
सरकार.भारतсаркар.бхарат
  • .ভারত (бенгалча), 2017-жылы каттоого берилген
  • .ਭਾਰਤ (гурмукхиче), 2017-жылы каттоого берилген
  • .ભારત (гужаратиче), 2017-жылы каттоого берилген
  • .இந்தியா (тамилче), 2015-жылы каттоого берилген
  • .భారత్ (телугуча), 2017-жылыы каттоого берилген
  • .بھارت (урдуча) ڈاٹامیل.بھارتп 2017-жылдын августунда каттоого берилген

2016-жылы, Индия өкмөтү дагы сегиз домендик аталыштарды алуу боюнча арыз менен кайрлыган.

.বাংলা (бенгалча) домендик аталышы Bangladesh Telecommunication Company Limited (BTCL) башкарууга берилген.

Азыр, Индияда томонку домендик аталыштарды каттоо ачык:

  • .ಭಾರತ (каннадача);
  • .ভাৰত (ассамча);
  • بارت. (кашмирче);
  • .ഭാരതം (малайаламча);
  • .ଭାରତ (одияча);
  • .भारतम् (санкскритче);
  • .भारोत (санталиче);
  • ڀارت. (синдхиче).

Булактар

Тышкы шилтемелер