Amazon Kindle

Amazon KindleAmazon тарабынан чыгарылуучу, электрондук китептерди окуу үчүн түзмөктөр сериясы. Amazon Kindle түзмөктөрү, колдонуучуларга электрондук китептерди, газеталарды, журналдарды, блогдорду жана башка санариптик медиаберилмелерди зымсыз тармак аркылуу сатып алуу, жүктөө, көрүү жана окуу мүмкүнчүлүгүн берет.[1]

Amazon.com туунду Lab126 компаниясы менен иштелип чыккан аппараттык платформа, бир түзмөк катары башталган, бирок эми өзүнө бир катар моделдерди: «Kindle», «Kindle 2», «Kindle 3» (азыр «Kindle Keyboard»), «Kindle 4» жана «Kindle DX», «Kindle 4 touch», «Kindle 5» жана «Kindle Paperwhite», ошондой эле «Kindle for PC», «Kindle for iPhone», «Kindle for Mac», «Kindle for Android» жана «Kindle for BlackBerry» тиркемелерин камтыйт.

Kindle түзмөктөрүнүн электрондук сыя (E-Ink) технологияларынын негизиндеги дисплейлери бар — акыркы муун (алтынчы муун) эң аз энергия керектөө менен китеп окуганга окшоштуруу үчүн боз 16 түсүн иштеп чыгарат. Kindle жеке компьютерсиз пайдаланылышы мүмкүн. Түзмөк Интернет тармагына кирүүгө мүмкүндүк берет.

Kindleге электрондук кагаздын негизинде башка түзмөктөр: Sony Reader, Barnes & Noble Nook, PocketBook Reader, iRex iLiad жана башкалар атаандаштык кылат.[2]

Прошивки устройств Kindle түзмөктөрүн прошивкалоолор ARM платформасы үчүн Linux ядросуна негизделген.[3]

Сын айтуу

Amazon өзүнүн каалоосу боюнча түздөн-түз Amazonдон алган китептерди жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мисалы, Джордж Оруэллдин «Скотный двор» жана «1984» романдары жок кылынган, аларды таркатууга компаниянын укугу жок болгон (акчаны сатып алуучуларга кайрып беришкен).[4][5]

Маданиятта

Kindle гаджетинин айланысында (баарына караганда, Kindle 2) Стивен Кингдин «Ур» («Ur») аңгемесинин сюжети түзүлгөн.[6]

Эскертүүлөр