Азия өнүгүү банкы

Азия өнүгүү банкы Азия материги жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр үчүн ал өлкөлөрдүн экономикалык саясатын координациялоо, алардын регионалдык кызматташтыгын стимулдаштыруу жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө көрсөтүү максатында БУУнун Экономикалык комиссиясынын чечими менен 1965-ж. негизделген. Бүгүнкү күндө анын 50гө жакын мүчөсү бар. Жайгашкан жери – Манила (Филиппины). Банктын ресурсу акционердик капиталдан жана кошумча тартылган каражаттардан турат. Мүчө – мамлекеттер кошкон уставдык капиталдын теңи: 50%и алтын же конверттелген валюта да 50%и – улуттук валюта менен төлөнүүгө өтөт. Банк кредитти жылына 1% менен 30–40 жылга берет. Эсеп америкалык доллар менен жүрөт. Уставдык капиталдын 70%не жакынын өнүккөн капиталисттик өлкөлөр көзөмөлдөшөт, ушундан улам банктын саясатын да алар аныкташат (биринчи кезекте Япония жана Америка). Кредиттин көпчүлүгү демократтык багытта өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилет.

Азия өнүгүү банкы
Башкы мүдүрү

 Жапония Масацугу Асакава (президент)

Активдери

282 млрд $ (2021)

Таза кирешеси

730 млн $ (2021)

Жумушчулардын саны

болжол менен 3 000

Сайты

[1]

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9