Виктория (Улуу Британиянын королевасы)
Виктория, Улуу Британиянын королевасы - (25.5.1819, Лондон 22.1.1901, Уайт аралы, Осборн) — Улуу Британиянын королевасы (1837-1901), 1876-жылдан Индиянын императрицасы. Ганновер династиясынын акыркы өкүлү. Мамлекеттик иштерде королеванын ролу анчалык жогору болбогондугуна карабастан, анын башкарган жылдары «Виктория доору» аталып, анын тушунда Улуу Британия дүйнөдөгү индустриялуу алдыңкы державага жана Британ империясынын борборуна айланган. Викториянын атынан Британ империясынын курамына кирген бир нече шаар, дарыялар, аралдар аталган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч