Гипс
Гипс, CaSO42H2O – таза түрүндө түссүз, тунук минерал. Курамында ар кандай аралашмалар болсо боз, саргыч, күрөң жана башка түстөргө ээ болот. 170оС чейин ысытканда суусун толук жоготпостон алебастрга айланат. Алебастр суу менен аралаштырганда тез эле катып, гипске айланат. Г. алебастр түрүндө курулуш иштеринде, Г. бетонун, боёкторду, эмальдарды даярдоодо, медицинада, оптикада колдонулат. Жаратылышта селенит түрүндө (жип сыяктуу масса) кездешет. Ал ар кандай буюмдарды жасоо үчүн баалуу материал болуп саналат.
Колдонулган адабияттар
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч