Дадаизм
Дадаизм (фр. dadaisme, dada – кичинекей ат, жыгач ат; баланын былдырагы) – 1916–22-ж. модернисттик көркөм-адабий агым. Дадаизм Швейцарияда анархиячыл интеллигенциянын чөйрөсүндө жаралган. Анын 1-дүйнөлүк согушка болгон нааразылыгы иррационализм, нигилисттик антиэстетизм, өзүнчө бир көркөм чыгармачыл бейбаштык сөздөр менен үндөрдү ой келди айкаштыруу (Т. Тцара, Р. Гюльзенбек, М. Янко), түшүнүксүз жазуу, туура эмес чиймелер, эп келишпеген буюмдардын топтому (М. Дюшан, Ф. Пикабиа, М. Эрнст, Х. Арп) аркылуу чагылдырылган. Согуштан кийин француздук «абсолюттук дадаисттер» социалдык маңызсыз искуство үчүн күрөшкөн (А. Бретон, Тцара), ал эми немис «саясий дадисттери» милитаризм менен буржуазия түзүлүшкө каршы чыгышкан (Ж. Грос, Ж. Хартфилд).
Колдонулган адабияттар
- Кыргызстан: энциклопедия
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч