Европа комиссиясы
Европа комиссиясы (Европа шериктештигинин комиссиясы) – ЕБнын башкы органдарынын бири; ал жалпы макулдашуу боюнча, 25 өлкө өкмөтү тарабынан дайындалып, Европа парламенти жактырган 25 мүчөсүнөн туруп, анын аткаруу органы болуп саналат. Комиссиянын ар мүчөсүнө белгилүү бир ишмердүүлүк чөйрөсү бекитилип, ал башкаруу аппаратынын (баш директорлук, атайын кызмат ж. б.) колдоосундагы саясий кеңешчилер менен нускоочулардан турган кеңеш берүү тобуна таянат. Комиссия ЕБ кеңешинин чечиминин негизинде же ал тарабынан кабыл алынган көрсөтмөлөрдү түздөнтүз аткаруу жолу аркылуу ЕБ саясатын жүзөгө ашырат. Комиссия мүчөлөрү өз өкмөтүнүн аргандай көрсөтмөлөрүнөн көзкарандысыз болуп, Европарламенттин көзөмөлүндө турат.
Колдонулган адабияттар
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч