Жан Кальвин
Жан Кальвин (Француз тили Ковен), 10.7.1509-27. 5.1564) - кальвинизмди негиздөөчү, реформация ишмери.
- Ири чиркөө кызматчысынын үй-бүлөсүнөн.
- Диний жана укук билимин алган. Л. Лютердин диний угутунун таасири менен протестантизмге ооп, 1533-ж. католик чиркөөсүнөн баш тарткан.
- Францияда протестанттарды куугунтуктагандыктан 1534-ж. Базелге качкан.
- 1536-ж. анын «Христиан дининдеги нускоо» деген дин окуусунун жаңы системалуу баяндамасы (адегенде латын, кийин француз тилинде) чыккан.
- Кальвин 1541-ж. Женевага келип, өмүрүнун акырына чейин жашаган да, протестантизмдин жаңы багытын-кальвинизмди ишке ашырган.
- Кальвиндин таасири менен женевалык магистрат чиркөө уюмунун жаңы формасын кабыл алган.
- Кальвин католицизмге, о. эле элдик реформациячыл агымдарга каршы турган, аларды жактоочуларды кудайсыздар деп күнөөлөгөн. Анын окуусуна каршы чыккандар куугунтукталган, өлүм (өрттөө) ж. б. жазага тартылган.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч