Иоганн Готфрид Гердер
Гердер, Иоганн Готфрид (1744–1803) – немис философ-агартуучу, жазуучу, адабиятчы.
Толук аты-жөнү | Иоганн Готфрид Гердер |
---|---|
Англис тилинде | Johann Gottfried Herder |
Төрөлгөн | 25.8.1744 Моронг, Чыгыш Пруссия |
Көз жумган | 18.12.1803 Веймар, Ыйык Рим империясы |
1762–64-жылы Кенигсбергде окуп, Кантты уккан. Канттын акылды сындоо эмгегин четке кагып, ага тааным, билим жөндөмүнүн «физиологиясын» жана акылга караганда тилдин биринчилигин карама-каршы койгон.
Мейкиндик жана убакыт жөнүндө түшүнүктү Гердер тажрыйбадан алып чыгарган, материя менен тааным формасынын биримдигин жактаган. Ал ар кыл элдердин рухий маданиятынын өзүнчөлүк касиетин баса көрсөткөн. Коомдун өнүгүшүндө өндүрүш менен илимдин ролу жөнүндө ой болжоо айткан.
Колдонулган адабияттар
- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч