Кано
Кано – Нигериянын түндүгүндөгү шаар. Кано штатынын административдик борбору. Калкы 2,3 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Лагос, Ибадандан кийин). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.
Болжол менен 9-кылымда негизделген. Курми рыногу (16-кылым; Батыш Африкадагы эң байыркы), университеттер, коллеж, Нигерия полиция академиясы, китепканалар, музейлер бар. Кол өнөрчүлүктүн (эмалданган идиштер, темир жана күмүш буюмдар жасалат, тери ийленип, сафьян беленделет, кездемелер боёлот) ири борбору. Металл иштетүү, тамак-аш (май, эт), химиялык, текстиль, цемент жана башка өнөр-жай ишканалары иштейт. Зоопарк уюштурулган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч