Кариб деңизинин каракчылары (тасмалар сериясы)

«Кариб деңизинин каракчылары» (англ. Pirates of the Caribbean) — Кариб деңизиндеги каракчылар тууралуу фильмдер жыйындысы. Фильмдин режиссёрлору болуп Гор Вербински (1—3—бөлүктөр) жана Роб Маршалл (4-бөлүк) турган. Каракчылар туурасында бардык фильмдердин (4 фильм) сценарийин Терри Россио жана Тед Эллиот жазып чыгышса, Джерри Брукхаймер продюсерлик кылган. Фильмдер Walt Disney Pictures компаниясынын продуктулары. Бардык бөлүмдөгү фильмдеги каармандар болуп — капитан Джек Таранчы (Воробей) (Джонни Депп) жана капитан Гектор Барбосса (Джеффри Раш) аткарышса, экинчи пландагы каармандарды — Уилл Тёрнер (Орландо Блум), Элизабет Суонн (Кира Найтли), Джошами Гиббс (Кевин МакНелли), төртүнчү бөлүктө кошулган Анжелика (Пенелопа Крус) ойноп беришкен.

Кариб деңизинин каракчылары (тасмалар сериясы)

Кариб деңизинин каракчылары (Pirates of the Caribbean film series)
Продюсер Джерри Брукхаймер
Сценарийи Терри Россио
Тед Эллиотт
Тартылгандар Джонни Депп
Джеффри Раш
Кевин МакНелли
Орландо Блум (1—3, 5)
Кира Найтли (1—3)
Пенелопа Крус (4)
Музыкасы Ханс Циммер
Клаус Баделт (1)
Директору Гор Вербински (1—3)
Роб Маршалл (4)
Студия Walt Disney Pictures
Узактыгы 600 мүн. (1—4)
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис тили
Бюджети 4 фильм:
915 млн долл.
Киреше 4 фильм:
3,7 млрд долл.
Фильмдин баш каарманы - Капитан Джек Таранчы - Джонни Депп

Бул фильмдер тобунун биринчи бөлүгү болгон — «Кариб деңизинин каракчылары: Кара берметтин каргышы» — аттуу фильм 2003-жылы 9-июлда чыккан. Бул фильмдин жараткан ийгиликтери Walt Disney Pictures компаниясын дагы эки фильм тартып, үчилтик түзүүгө түрткү болгон.

2006-жылы 7-июлда биринчи фильмдин уландысы болгон — «Кариб деңизинин каракчылары: Өлүктүн сандыгы» аттуу фильм чыккан. Фильм дүйнөлүк прокатта миллиарддан ашык доллар топтоп, эң көп акча топтогон фильмдердин арасында 3-орунга илинген (2006-жылкы абал боюнча).

2007-жылдын 25-май күнү үчүнчү фильм — «Кариб деңизинин каракчылары: Жер түбүндө» чыккан. Бардык үч фильмдин топтогон каражаттары 2 млрд доллардан ашкан. 2008-жылдын сентябрь айында Джонни Депп төртүнчү фильмге тартылуу тууралуу контракка кол койгон

2011-жылы 20-майда «Кариб деңизинин каракчылары: Таң калыштуу жээк бетинде» фильми 2D, IMAX, 3D жана IMAX 3D форматтарында чыккан. Мындан сырткары, Walt Disney компаниясы фильмдин дагы бир бөлүгүн 2017-жылы чыгараарын билдирген[1]. Ал эми алтынчы бөлүгү да чыггары күтүлүүдө (болжолу менен 2019-жылы).

Актерлор жана каармандар

Таблица тууралуу:

  • Кара-боз түстөгү — каарман аталган фильмде тартылбайт, ал эми ак түстөгү — тартылат.
КаарманФильм
Кариб деңизинин каракчылары: Кара берметтин каргышыКариб деңизинин каракчылары: Өлүктүн сандыгыКариб деңизинин каракчылары: Жер түбүндөКариб деңизинин каракчылары: Таң калыштуу жээк бетиндеКариб деңизинин каракчылары: Өлүктөр жомок айтышпайт
Капитан Джек ТаранчыДжонни Депп
Гектор БарбоссаДжеффри Раш
Джошами ГиббсКевин Макнелли
Уилл ТёрнерОрландо БлумОрландо Блум
Элизабет СуоннКира Найтли
Джеймс НоррингтонДжек Дэвенпорт
Уэзерби СуоннДжонатан Прайс
ПинтелЛи Аренберг
РаджеттиМаккензи Крук
МартиМартин КлеббаМартин Клебба
КоттонДэвид Бейли
Мистер БраунРальф П.Мартин
СкарлеттЛоурен Мехер
ЖизельВанесса Бренч
Капитан-лейтенант ГровзГрег ЭллисГрег Эллис
МаллройЭнгус БарнеттЭнгус Барнетт
МартоггДжиллз НьюДжиллз Нью
Лейтенант ДжиллеттДэмиан О’ХейрДэмиан О’Хейр
Анна-МарияЗои Салдана
Дэйви ДжонсБилл Найи
Катлер БеккетТом Холландер
Тиа ДальмаНаоми Харрис
Прихлоп Билл ТёрнерЭскерүүСтеллан Скарсгорд
МерсерДэвид Скофилд
Сяо ФэньЧоу Юньфат
Капитан ТигКит Ричардс
Тай ЮаньРиггай Ли
ШевальМарчел Юреш
АманГаззэн Мэззоуд
Эдуардо ВэльянуэваСерхио Кальдерон
Цзин айымТакаё Фишер
Сумбаджи АнгрияМаршал Манеш
ЖокарХэйким-Кай Кэйжим
АнжеликаПенелопа Крус
Кара сакалИэн Макшейн
СкрамСтивен Грэм
СиренаАстрид Берже-Фрисбэ
ЮнгаРобби Кэй
ЗомбиДерек Мирс
Филип СвифтСэм Клафлин
ИспанОскар Хаэнада
СаламанПол Бэйзили
Король Георг IIРичард Гриффитс
Капитан СалазарХавьер Бардем
ГенриБрентон Туэйтес

Тартуу тобу

РольФильм
Кара берметтин каргышыӨлүктүн сандыгыЖер түбүндөТаң калыштуу жээк бетинде Өлүктөр жомок айтышпайт
РежиссёруГор ВербинскиРоб МаршаллХоаким Роннинг
Эспен Сандберг
ПродюсериДжерри Брукхаймер
СценаристиТед Эллиотт жана Терри Россио;
Стюарт Битти менен Джей Уолперт
Тед Эллиотт жана Терри РоссиоДжефф Натансон
КомпозиторуКлаус Баделт жана Ханс ЦиммерХанс Циммер
ОператоруДариуш Вольский

Топтогон каражаттары

ФильмКассалык жыйыноолор (долл.), анын ичинде:БюджетБулак
АКШБашка өлкөлөрБардыгы
Кара берметтин каргышы&&&&&&0305413918.&&&&&0305 413 918&&&&&&0348850097.&&&&&0348 850 097&&&&&&0654264015.&&&&&0654 264 015&&&&&&0140000000.&&&&&0140 000 000[2]
Өлүктүн сандыгы&&&&&&0423315812.&&&&&0423 315 812&&&&&&0642863913.&&&&&0642 863 913&&&&&01066179725.&&&&&01 066 179 725&&&&&&0225000000.&&&&&0225 000 000[3]
Жер түбүндө&&&&&&0309420425.&&&&&0309 420 425&&&&&&0654000000.&&&&&0654 000 000&&&&&&0963420425.&&&&&0963 420 425&&&&&&0300000000.&&&&&0300 000 000[4]
Таң калычтуу жээк бетинде&&&&&&0241071802.&&&&&0241 071 802&&&&&&0804642000.&&&&&0804 642 000&&&&&01045713802.&&&&&01 045 713 802&&&&&&0250000000.&&&&&0250 000 000[5]
Жалпы&&&&&01279221957.&&&&&01 279 221 957&&&&&02450356010.&&&&&02 450 356 010&&&&&03729577967.&&&&&03 729 577 967&&&&&&0915000000.&&&&&0915 000 000

Шилтемелер

Эскертүүлөр