Мехмет Акиф Эрсой

Мехмет Акиф Эрсой (түрк. Mehmet Âkif Ersoy; 20 декабрь 1873, Стамбул — 27 декабря 1936, Стамбул)[1] - Осмон акыны (Түрк гимнинин сөздөрүнүн автору), ветеринар, мугалим, диний агартуучу (Куран котормочусу), сууда сүзүүчү, депутат.

Мехмет Акиф Эрсой
түрк. Mehmet Âkif Ersoy
Портрет
Туулган датасы:

20 декабрь 1873

Туулган жери:

Фатих, Стамбул, Осмон империясы

Өлгөн датасы:

27 декабрь 1936

Өлгөн жери:

Стамбул, Түркия

Өмүр баяны

Атасы албан, апасы бухаралык өзбектерден болгон. Мехмет Акиф Эрсой мектепте окуп жүргөндө эле ыр жаза баштаган. 1889-1893-жылдары ветеринардык техникумда окуган. Алгачкы ырларын гезитке чыгарып, кийин 10 жылдай жарык көргөн эмес. 1898-жылы үйлөнгөн. 1906 жана 1907-жылдары айылдык мектептерде сабак берген. 1908-жылы ал эки журналга мисирдик акындардын ырларынын котормолорун жарыялаган. Эшреф Эдип чыгарган «Себилүррешад» журналынын башкы редактору болуп иштеген. [2]. 1913-жылы Мисирге эки айга барган. Жылдын аягында ветеринардык кызматтын директорунун орун басары кызматынан кетип, адабият сабагынан сабак берген. Биримдик жана Прогресс партиясына кошулду. Түркиянын мамлекеттик гимни үчүн поэзия сынагында жеңүүчү болгон. Гимндин тексти 1921-жылы 12-мартта Улуу Улуттук Жыйында бекитилген. Гимндин музыкасын композитор Осман Зеки Үнгөр жазган. 1930-жылдары боор циррозу менен ооруп калган. 1936-жылы 27-декабрда Стамбулда каза болгон. Ал түрк тарыхында мүрзөсүнүн үстүндө түрк гимни “Эгемендүүлүк маршы ойнотулган биринчи адам болуп калды.

Чыгармачылык

Эрсой салттуу чыгыш адабиятын жакшы билген, Виктор Үго, Эмиль Зола, Жан-Жак Руссо, Альфонс де Ламартин сыяктуу батыш жазуучуларынын чыгармаларын сүйгөн. Ал "Сафахат" (1911) аттуу 44 ыр жыйнагы жана улуттук гимндин тексти менен белгилүү. Түрктөр аны “эл акыны” катары тааныйт.

Белгилер