Монблан
Монблан (фр. Mont Blanc, ит. Monte Bianco) – Батыш Европадагы эң бийик тоо массиви жана чоку (4807 м); Франция менен Италиянын чек арасында. Узундугу 50 км. Гранит, гнейс, кристаллдык сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Өтө тилмеленген альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Кар чеги 2850–3100 м бийиктен өтөт. По жана Рона дарыясынын суу бөлгүчү. Мөңгүлүү (аянты 200 км2ден ашык; ири мөңгүсү – Мер-де-Глас). Альпинизм, туризм өнүккөн. Астрологиялык жана метеорологиялык обсерваториялар иштейт. Монбландагы тешкен тоо (тоннель уз. 11,6 км) аркылуу Францияны Италия менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт.
Байланыштуу макалалар
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч